Сергей Лавров: АКШ Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда

1619
0

Сергей Лавров: АКШ Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда

АКШ жана анын союздашы болгон мамлекеттер КМШнын бардык аймактарына, айрыкча Борбор Азияга кирип барууга аракет кылышууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен Минск шаарындагы жолугушуусу учурунда билдирди.

“Ачык эле “биз постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылышыбыз керек, алар Россиянын көлөкөсүнөн чыгышы керек” деп айтылууда. Биздин союздаштарыбыз жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз күчтүү кысымга кабылды”, – деди Лавров.

РФ тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, жолугушууда “терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты кеңейтүү жана күчтөрдү бириктирүү” маселелери талкууланган.

Комментарий:  Россия Украина согушунда баткакка батып калганы себептүү анын «кызыл сызыктары» арты-артынан маанисин жогото баштады.  Өз кезегинде кырдаалдан пайдаланып калууга аракет кылып жаткан Америка жана анын союздаштары Россиянын «кызыл сызыктарын» ачык эле тебелеп өтө башташты.

АКШ Борбор Азияны колония кылып алуу үчүн, башкача айтканда, Борбор Азиянын Россияга аскерий байланышын үзүү үчүн тынымсыз аракет кылып келе жатканы жашыруун сыр эмес. Бирок, анын Борбор Азияда дипломатиялык алаканы бекемдөөгө олуттуу көңүл буруп жатканы Россиянын тынчын алары табигый көрүнүш. Себеби, Россия Борбор Азияны өзүнүн менчиги катары көрөт жана бул аймакка АКШ кирип келишине унчукпай карап отура албайт. Ошол себептен да ал аймактын жетекчилерин топтоп, “Аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, кызматташтыкты кеңейтүү жана күчтөрдү бириктирүү” деген маселелерди талкуулап жатат. Бул аркылуу ал “аймактагы тынчтыкты кепилдөочү камкор мамлекет” болуп көрүнүүгө аракет кылууда. А бирок, Россия учурдагы экономикалык абалында Орто Азия мамлекеттерине карыз, кредит, грант катары ири экономикалык жардамдарды бере албайт. Ошол себептен, эгер Борбор Азия мамлекеттери Россиянын талаптарына көңүл бурбай, АКШ же Европа менен жакындашууну уланта берсе, Россия бул аймакты колдон чыгарбаш үчүн акыркы ыкма катары “терроризм” коркунучун пайда кылышы жана жасалма теракттарды уюштурушу мүмкүн. 

Тышкы саясатын колонизатордук негизине курган бул мамлекеттер тим эле камкор болуп көрүнүүгө аракет кылып жатканы менен, негизи алар үчүнчү дүйнө мамлекеттерине колонизатордук көзү менен карашат. Колонизатор мамлекеттердин ар бири өз кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн ар кандай жийиркеничтүү иштерге даяр турушат. Бүгүнкү күндө АКШ да, Европа мамлекеттери да, Россия да Борбор Азияга жакшылык алып келүү үчүн эмес, биздин байлыктарды ээлеп алуу үчүн жана жергиликтүү калкты арзан жумушчу күчү катары пайдаланып, материалдык пайда табуу үчүн өз ара күрөшүп жатышат. Өкүнүчтүү жана аянычтуу жери, биздин үстүбүздө отурган акимдер – өз бийлигин сактап калуу үчүн өлкөнүн байлыгы менен келечегин курмандыкка чалып болсо да – алар менен кызматташууну улантууда. Себеби, булар дагы деле кулдук психологиядан кутула элек. Ушундай болгон соң, мусулмандар бул абалдан кутулуу үчүн колонизаторлорду Борбор Азия эле эмес, бардык Исламий өлкөлөрдөн кууп чыга турган Халифалык  мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Мына ошондо дүйнө жүзү кайрадан Халифалыктын нуру менен жарык болуп, акыйкаттын үнү дүйнөнүн бардык тарабында жаңыра баштайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here