Түркия Россия үчүн Босфор жана Дарданеллини жапты

267
0

 Түркия президенти Режеп Эрдоган “мамлекет Россия тарабынан боло турган аскерий коркунуч астында калгандыгы себептүү Россиянын бардык кемелери үчүн Босфор жана Дарданелли (Чанаккала) кысыктарын жабууга токтом кылгандыгын” расмий түрдө билдирди.

“news.eizvetia.com” басылмасынын билдиришинче, Түркия Босфор жана Дарданелли кысыктарын Россиянын аскерий жүктөрү болгон аскерий жана жарандык кемелерине, ошону менен бир катарда, Сирияга жүк жеткирүүгө байланыштуу болбогондоруна да жабууга токтом кылды.

 Кабарда айтылышынча, “1936-жылы кабыл алынган Монтрё конвенциясына негизделип (ошол конвенцияга ылайык, Түркия согушта катышса же согуш түздөн-түз коркунуч туудуруп жатат деп тапкан болсо, ага кысыктан ар кандай аскерий кемелердин өтүшүнө уруксат берүү же тыюу салуу укугу берилген) Түркия президенти Режеп Эрдоган “мамлекет Россия тарабынан күтүлүп жаткан аскерий коркунуч астында калгандыгы себептүү Кара-Деӊизде турган жана Сириядагы аскерий операциялар үчүн эле эмес, Россия менен келишпестик абалында болгон мамлекеттер үчүн да болжолдонгон бардык орус кемелерине Босфор жана Дарданелли кысыктарын жабууга токтом кылды. Тийиштүү токтом БУУга жиберилди”.

Түркия президентинин бул токтомунан кийин Россиянын бүтүндөй Кара-Деӊиз флоту Кара-Деӊизде камалып калды жана Москва тарапта туруп “ойноп жаткан” Сирия жана башка режимдерди колдоп-кубаттоо үчүн кысыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Эми деңиз жолу аркылуу Сирия же башка бирер мамлекетке аскерий жүк жеткирип берүү үчүн Россия Гибралтар кысыгынан пайдаланууга мажбур болот, бул болсо Россиядан үч эсе көбүрөөк убакыт жана күч талап кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here