АКШ сенаторлору Сирияга кошуун жиберүүнү талап кылышты

303
0

АКШнын эки сенатору Жон Маккейн менен Линдсей Грахам Ирак жана Сирия мамлекеттеринин ар бири үчүн он миңден аскер жиберүү керектигин баса белгилешти. Эки сенатордун айтымында, коалицияга мүчө мамлекеттерден чогула турган аскерлерди кошкондо бул цифра жүз миңге жетиши керек. Сенаторлор Ирактагы АКШ аскерий вужудун үч эсеге көбөйтүп, он миңге жеткирилишин жана бул аскерлер эл аралык кошуундардын бир бөлүгү катары кургактыктан Сирияга жиберилишин талап кылышты.

Республикачылар партиясынын көрүнүктүү сенаторлорунан болгон Маккейн жана Грахам АКШ президенти Барак Обаманын Ирак жана Сирияда ИШИМге каршы авиа чабуулдар жана жергиликтүү күчтөрдөн түзүлгөн кургактык күчтөрү аркылуу жүргүзүп жаткан “күрөш” стратегиясын сындады. Республикачылар партиясынан президенттикке талапкердигин койгон Грахам ИШИМди жок кылуунун бирден-бир жолу кургактык күчтөрүн түзүү экендигине басым жасап, “авиа соккулардан бирер натыйжа чыкпай жатат” деп нааразылык билдирди.

АКШ Сенатынын Куралдуу Кызматтар комитетинин жетекчиси Жон Маккейн да АКШнын он миң аскерий кеӊешчи жана машыктыруучулары тарабынан колдоп-кубатталган Европа жана Араб күчтөрү Сирияга кургактыктан чабуул уюштурушу керектигин айтты. Грахам менен биргеликте Багдадга келген Маккейндин билдиришинче, Түркия, Мисир жана Саудия сыяктуу мамлекеттердин аскерлери катышуусунда жүз миң аскерден түзүлгөн бул союзду АКШ мамлекети техникалык жардам жана разведка маалыматтары менен колдоп-кубаттап турат. Грахамдын айтышынча болсо, жогорудагы аскерий союзга атайын күчтөр да кошулушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here