Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Москвада берген билдирүүсүндө, түрк автомобилдеринин Россияга киришине же Россия аркылуу жүк алып өтүшүнө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкта чектөө киргизүү же бекер кылуу маселесин чечүү зарыл экендигин айтып өттү.
Россия премьер-министри берген маалыматтарга ылайык, азыр түрк жүк ташуучулары Россияга жүк алып келүү үчүн сегиз миӊге жакын уруксат кагазын алышат. Медведев келечекте бүтүндөй бекер кылуу мүмкүнчүлүгү менен алардын санын кийинки жылы төрт эсеге азайтууну сунуштады.
Премьер-министр Европа союузунун продукцияларына киргизилген чектөөлөр – ЕАЭБ аркылуу айланып өтүп жаткандыктан – натыйжасыз болуп жатканы сыяктуу эле, Түркияга каршы киргизилген чектөөлөр да таасирдүү болбостугунан тынчсызданып жаткандыгын билдирди.
“Ошол себептен да ЕАЭБ боюнча шериктеш мамлекеттер Түркия менен мамилесин үзүшү керек”, – деди Медведев.
Туркистон:
Россия Путиндин мафиялашкан режими артынан жарга кулай баштады. Ал өзү менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерди, ошону менен бир катарда Кыргызстанды да тартып кетүүгө аракет кылып жатат. Жогорудагы Медведев коюп жаткан талаптар Россияны эле эмес, Кыргызстанды да экономикалык, саясий жана аскерий кризистер агымына тартып кетет.
Кыргыз бийлиги биздин кеӊешибизге кулак салып, Россиядан эртерээк алыстоо менен ЕАЭБге мүчө болбой койгондо эле, анда бүгүнкүдөй оор абалда калбайт элек. Россиянын өлүк денеси да Кыргызстанга басым өткөрө алат. Кыргызстан өз саясатында Россияга биротоло сүйөнүп, аскерий жана экономикалык кыйроо абалында калып бара жатат. ЕАЭБге мүчө болуп, алгач Кытай менен экономикалык мамилелери бузулган болсо, эми Түркия менен экономикалык жактан үзүлүүнүн астында турат. Ички иштеп чыгаруу болсо дээрлик жокко эсе.
Россия Түркия менен жүрүп жаткан экономикалык кызыкчылыктарыбызды үзүп жиберүүнү талап кылып жатып, ордуна алтернативдүү бирер чара сунуштай албайт. Кудум ушундай эле Кытай менен алакаларыбыздан жана реэкспорт кылып таап жаткан пайдаларыбыздан да куру калтырды. Натыйжада Орто Азиядагы эӊ чоӊ базар болгон базарларыбыздан айрылдык. Эми ЕАЭБ уюмундагы милдеттерибизди эске салып, путинчилердин кызыкчылыгы негизиндеги Россиянын түрктөргө каршы беймаани жана максатсыз санкцияларына кошулуп, аларды колдошубузга буйрук берип жатат.
Путин Россияни да өтө кыйын абалга алып келди. Абалдан кутулуу жолдорун болсо, мурунку КГБдан мураска алып калган ыкмасы менен дагы жаап турууга аракет кылат. Путин мындай абалдан чыгуу үчүн исламий террористтердин атынан террордук иштерди уюштуруу менен жүздөгөн жарандарын кырып жиберет. Путин 1999-жылы ушундай ыкма менен бийликке келген. Ал кырдаалдан чыгуунун мындан башка жолдорун билбейт.
Кыргызстан да бир топ саясатчылар армиясы менен кудум путинчилер сыяктуу исламий чөйрөгө каршы иш баштап жиберди . Алар да Россиядагы сыяктуу исламий чөйрөнүн өнүгүп бара жатканынан коомду коркутуу максатында маалыматтык согушту баштап жиберишти. Бузуку күчтөр болсо, бул күрөш чегине жетишин күтүп турушат. Алар Ташкенттеги 16-февраль окуясы сыяктуу операциялар долбоору үстүндө иштеп жатышат. Ооба, алар мусулмандардын атынан террордук иштерди уюштурушат. Дүйнөдө Ислам жана мусулмандарга каршы иштердин дээрлик бардыгы кудум ушундай көрүнүштө ишке ашырылып жатат.
Ошондуктан, кыргыз бийлиги азыртадан эс-учун жыйып, Путиндин карамүртөз пландар негизиндеги саясатын чеке кагып, эмнеси болгондо да өз мамлекетинин кызыкчылыгынан келип чыгып иш кылышы керек. Ал үчүн бийлик өз калкы ыйман келтирген идеологияга каршы барбашы керек. Себеби, улуу жана кудуреттүү мамлекеттер эч качан өз жарандарынын акыйдасынан башка акыйданы кармашпайт. Антпесе, чачыранды болуп бара берет. Карамүртөз тышкы күчтөр болсо, бул карама-каршылык абалдарынан пайдаланып калышат.