КУЛ КЫЛУУНУН ЗАМАНБАП КИШЕНИ – ДЕМОКРАТИЯ

272
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

 

Тарыхта кул ээлөөчүлөр адамдарды кулдукта кармап туруу үчүн чынжырлуу кишендерден пайдаланышкан. Бүгүнкү күнгө келип колонизаторлор заманбап “кишен” – демократиядан пайдаланышууда. Биз демократиянын тарыхын, бүгүнкү күндөгү жийиркеничтүү натыйжаларын же анын маанисин түшүндүрмөкчү эмеспиз, себеби, бул нерсе элдин баарына белгилүү. Демократиянын бешиги болуп эсептелген Европада ага түкүрүп, андан баш тартып кээ бир ынсаптуу батыштыктар “акыйкат Исламда экен” деп Исламды кабыл алып жатышкан бир убакта эмне үчүн биздегилер дагы деле “демократия” деп жар салышууда? Алардын демократия деп жатышканын актай турган эмне бар? “Демократияда – эркиндик бар” же “Демократия – элдик бийлик” деген сырты жалтырак ураандарга ким ишенет? Сен эркинсиӊби? Имамдар эркинби? Жумушчулар, мугалимдер, орган кызматкерлери же сот, проктатура кызматкерлери эркинби? Министрлер, премьер-министр жана депутаттар эркинби? Президент эркинби? Же мектепке барып жаткан жаш кыз эркинби?…

Бизде “калк” акимби? Элдин талабы ушулбу? Кумтөрдөн бизге эч нерсе тийбесе да канадалыктар ташып кете беришсин, пайдасын АКШ көрсүн деп жатабы? Күн көрүүгө эч кандай жумуш таба албастан базарга барып, бир сындырым нан табуу үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүүнүн ордуна алардан налог алууну эл талап кылып жатабы? Өздүк баасы 10-15 тыйын турган электр энергиясына бир нече эсе акы төлөп, жетекчилерди миллиардер кылууну эл каалап жатабы? Үй-бүлөлөр шек-күмөн ичинде, жаштар өзүнүн атасы ким экендигин билбей жүрүшүн каалайбызбы? Кыздарыбыз бузулуп кетишин, кытайбы, кореецпи иши кылса бирөө-жарымын таап, бир күнүн көрүшсө биз ушуга курсант болобузбу? Жигиттерибиздин эркектер менен үй-бүлө курушу менен “сыймыктанабызбы”?…

Дүйнөдө эл аким болгон бирер өлкө барбы? Мисирде эл акимби же Сирияда эл акимби? Мурси жана анын тобун эмне үчүн аскерийлер бийликтен кетиришти? Акыры “Ихванул муслимин” ушундан коркуп демократияга жабышып алган эле го? Эмне үчүн Сирияга АКШ, Европа жана Россия чабуул кылып жатат жана Сирия калкын дагы кайрадан кулдукка кайтара албай жатышат?…

“Демократия” деген балээни бизге колонизатор кафирлер тыгыштырып жатат. Максаты, бизди ар дайым кулдукта кармап туруу. Аларга өзүбүздөн чыккан малайлар жардам беришүүдө. Бул малайлар өтө арзыбаган, коркок адамдар, кожоюндарынын алдына барышканда тарыхтагы кулдардан да жаманыраак абалга түшүп калышат. Себеби, кулдар кишендерде болушса да өз пикирин айтуудан коркушпаган. Ал эми булар болсо “эркин” болуп турушуп, өз пикирин айтууга да батына алышпайт. Туура, алардын бардыгы эле кулдарга айланып калышпаган, алардын арасында эр жүрөк, акыйкатсыздыктарга каршы чыгуучу калыс адамдар да бар, бирок кафирге малай болгон бийлик алардын тилин тыйып коюуга бар болгон күчүн жумшап жатат. Кафир кожоюндарынан тапшырма алып жатышканда: “Биздин элибиз кой сыяктуу, байлыктарын ташып кетишиӊер, баалуулуктарын тебелеп-тепсешиңер, ал тургай өздөрүн өлтүрүп жиберишиӊер да аларды аракетке келтирбейт. Аларда боордошун коргоо, имам-молдолорун балээлерден, камактардан сактап калуу, аялдарын коргоо деген маанилер өчүп кеткен. Аларда ыйман-этикад калбаган, учурда жаштар ушул тарапка кызыгып калышты. Буларды камап, коркутуп токтотуп калууга болот”, – деп жатышкандай. Айрыкча, Темир Сариев: “Алмазбек Атамбаев намаз окугандыктан чыныгы мусулмандарга жана Исламга каршы күрөшө албай жатат. Мен муну толук аткарып беремин. Рашод карыны камакка алуу менен имамдарды коркутуп, тапшырмаларды экиленбестен кабыл ала турган кылып койдум. Эми мага таблиг жамааты да тоскоолдук кылып жатат. Ушуну да бир жаӊсыл кылсам…”, – деп жаткандай…

Эй, имам-молдокелер! Эй, Расулуллах(с.а.в)дын мураскорлору!

Оор сыноо күндөрү өтө аз калды. Ислам эшик кагып келе жаткан бир учурда куфр тарапта болуудан этият болууга чакырабыз. Эгерде сыноодо бекем болсоӊор эки дүйнө азиздигине жетишесиӊер. Кокустан куфр жана анын малайларына жан тартсаӊар, анда эки дүйнө шерменделигине акылуу болуп каласыӊар. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбай турган акимдер менен достук мамиледе болуу Исламдагы чоӊ кылмыштардан болуп эсептелет. О.э. алардын каталарына алакан чабуу жана алардын алдында мунафыктык менен туруу – бул ыраазы болуунун белгиси. Ал эми аларга зулумдары жана бузуктугунда итаат кылуу, куфрдун пайдасына чыгарылган буйруктарды аткаруу жана аларды өзгөртпөстүк, фитналарын четке какпастык аларды дагы да кыянаттарга шыктандырат. Аллах Таала айтат:

إِنَّ الَّذِينَ ارْتَدُّوا عَلَى أَدْبَارِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْهُدَى الشَّيْطَانُ سَوَّلَ لَهُمْ وَأَمْلَى لَهُمْ() ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لِلَّذِينَ كَرِهُوا مَا نَزَّلَ اللَّهُ سَنُطِيعُكُمْ فِي بَعْضِ الأَمْرِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِسْرَارَهُمْ () فَكَيْفَ إِذَا تَوَفَّتْهُمْ الْمَلاَئِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَارَهُمْ  ()ذَلِكَ بِأَنَّهُمُ اتَّبَعُوا مَا أَسْخَطَ اللَّهَ وَكَرِهُوا رِضْوَانَهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ

 „Албетте, өздөрүнө хидаят (жолу) анык-айкын болгондон кийин дагы аркасына (куфрга) кайтып кеткен кимселерге (бул иштерин) шайтан көркөм кылып көрсөттү жана алар үчүн (көӊдөй ой-максаттарын) узун кылып койду. Буга (т.а. куфрга кайтып кетүүлөрүнө) себеп алардын Аллах түшүргөн нерсени (Куранды) жаман көргөн кимселерге: «Биз айрым иштерде силерге моюн сунабыз», дегендери. Акыйкатта болсо, Аллах алардын жашырган (сырларын) билет. Эми, периштелер алардын жүздөрү жана аркаларына уруп, жандарын алар убакта (алардын алдары) кандай болот? Буга (т.а. өлүм саатындагы мындай азапка) себеп алар Аллахтын каарын келтирген нерсеге (т.а. мунафыктык жолуна) ээрчип, Ал заттын ыраазылыгын (т.а. момундар менен бирге кафирлерге каршы согушууну) жаман көргөндөрү. Ошондуктан, (Аллах) алардын (кылган жакшы) иштерин да бекерге кетирди“.    [47:25-28]

Эй мусулмандар! Эй карапайым калкым! Эй аксакалдар! Эй коомдун башчылары!

Качанкыга чейин дос менен душманды ажыратпай жүрөсүӊөр? Качанкыга чейин кафирлердин малайларына унчукпай тура бересиӊер? Силер жардамды БУУдан күтүп жатасыӊарбы? Жок, ал Франциядагы бир нече адамдын өлгөнүн көрөт да, бирок Сириядагы, Африкадагы жүз миңдеген бейкүнөө адамдардын, айрыкча жаш балдар менен аялдардын кырылып жатканын көрбөйт…

Адам укуктарын коргоочу уюмдарга ишенип жатасыӊарбы? Алар Мисир, Кытай же Өзбекстан сыяктуу мусулмандар жашаган өлкөлөрдө камактарда жаткан бейкүнөө адамдарды, ар-намысы тебеленип жаткан аялдарды, ачтыктан өлүп жаткан балдарды көрүшпөйт. Бүгүн ошол мусулмандардын башына түшүп жаткан абал эртеӊки күнү силердин башыӊарга түшсө да алар ушундай жырткычтар бойдон калышат, алардан үмүттөнбөгүлө!

Качанкыга чейин өзүӊөрдөн чыккан саткындарга унчукпай турасыӊар? Акыйкатта болсо, Расулуллах (с.а.в) мунун арам экендигин айткан го. Силер алардын кыянаттарын көрүп туруп унчукпастыгыӊар алардын кылмышына шерик болгонуӊарды түшүндүрөт. Мисалы: Кошунанын үйү өрттөнүп жатса аны өчүрүүгө аракет кылуунун ордуна жөн гана көрүүчү болуп туруу ушул жалындын күчөшүнө жардам болот. Бирок, кезекте сен турасын, унчукпай туруп кутулуп кетемин деген куру кыялга берилбе! Качан гана ошол “отту” өчүрүүгө аракет кылсаӊ, жардамга чакырсаӊ, ошондо  аны токтотуп калуу мүмкүн болот. Ошондо сен мусулман болосун. Расулуллах(с.а.в) мындай деген: “Эсиӊерде болсун, ар бириңер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер…”. Дагы: «Этибарын Аллахтан башкага караткан абалда таӊ атырган адам Аллахтан эмес. Мусулмандардын ишине маани бербеген абалда таӊ атырган адам мусулмандардан эмес», – деген.

“Демократия” балээсинен кутулуу үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек, аны өнүктүрүп жаткан куфр малайларынын оозуна “уруп”, жүзүнө “түкүрүү” керек. Алар менен тууганчылык, достук мамилелерди үзүү зарыл. Антпесе, бул балээ бардык тарапты камтып алат жана Аллах Тааланын наалатына акылуу болуп калабыз. Мындан Аллах сактасын. Анткени, Абу Масъуд (р.а)дан риваят кылынган хадисте Расулуллах(с.а.в)  : «Бани Исраилге эң алгач кирген кемчилик төмөнкүдөй болчу, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес»,- деп айтар эле. Андан соӊ эртеси күнү аны менен менен жолугушкан кезде аны дагы ошол абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Демек, алар ушундай кылышкан соӊ, Аллах алардын кээ бирлеринин дилдерин кээ бирлери менен урду», – деген. Андан соӊ Расулуллах(с.а.в)  төмөнкү аятты окуп:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ  كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ  تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ  وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ 

Бани Исраилден кафир болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Мариям тилинде наалатталышкан. Алардын наалаттанышына себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кимселерди дос туткандыктарын көрөсүн. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, пайғамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды  дос тутпаган болушаар эле. Бирок, алардан көптөрү итаатсыз кимселер “.            [5:78-81]

Андан кийин: “Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт”, – деген.

Мусулмандардын иши мойнунда болгон “имамды” (т.а. жетекчини) амру-маъруф жана нахий-мункар кылуу шаръий өкүмдөрдүн “таажысы” болуп эсептелет.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here