Мектеп формасына көңүл буруу керекпи же билимгеби?

271
0

  Акыркы кездерде Кыргызстанда билим-берүү министрлиги тарабынан мектептерде бирдиктүү мектеп формасын киргизүү маселеси кызуу талкууларга себеп болууда. Кыргызстандын билим-берүү министрлиги мектепке окуучулардын бирдиктүү формада келишин талап кылып, жаңы окуу жылына тендерде жеӊип чыккан форманы киргизүү маселесин көтөрүп чыкты жана ушул максатта ата-энелерден мажбурлап акча чогултууда. Акча бербеген окуучулар мамлекеттик экзамендерге киргизилбей жатат. Мындан тышкары, мектеп ремонту үчүн акча, кароолчу үчүн акча…  сыяктуу түрдүү чогултмайлар ушунчалык көбөйүп кетти дейсинң, баласы мектепте билим алып жаткан ата-энелердин назарында мектеп кудум акча чогултуучу кайрымдуулук фондуна окшоп калды.

 Мамлекеттик телеканалдар аркылуу болсо жаштардын Сирияга кетип жатканы туурасында тынымсыз ызы-чуу салынып жаткан болсо да, жаштарды мындай жолго барууга эмне мажбур кылып жатканы жана муну чечүү үчүн эмне кылуу керектиги туурасында о.э. проблеманын чечимдери жөнүндө токтолуп да отурушпайт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери болсо көчөлөрдө жаш жигиттерди кармап, телефондорун мыйзамсыз түрдө текшерип, бирер шылтоо менен жигиттерден жана алардын үй-бүлөсүнөн ири өлчөмдөгү акча талап кылып, коркутуу аркылуу акча өндүрүп жатышат.

 Окуу жайларда болсо, жаштарга кантип кененирээк билим берүү, тарыхта болгону  сыяктуу, биздин балдарыбыздан дагы кайрадан улуу окумуштуулар жетилип чыгышы үчүн эмнелерди кылуу керектигин ойлогондун ордуна мектеп формасы, ремонт үчүн акча чогултуу жөнүндө пикирлеп жатышат. Кыскасы, мугалимдин милдети билим берүүнүн ордуна акча чогултуу болуп калды. Расмий бийлик болсо жаштардын радикалдашып кетишинде айыпты бирде “ИШИМ”ге, бирде Хизбге жүктөп келет. Жаштар боюнча иштеп жаткан топтор болсо жаштардын кийимине эмес, тескерисинче аӊ-сезимине көӊүл буруп жатышат.

 Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай саясат кандай натыйжаларга алып барышы жөнүндө эч ким баш оорутпай койду. Мындай кете берсе Кыргызстандын келечеги формасы жакшынакай, а бирок, башы көӊдөй кызматкерлердин колунда калат. Себеби, адамды кийим-кече эмес, тескерисинче түшүнүгү башкарат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here