Rudaw TV Махмуд Кардан интервью алды

268
0

Мубарак рамазандын алгачкы жумасында Хизб ут-Тахрир тарабынан бир эле убакта дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылып жолдонгон кайрылуу бүт дүйнөнү силкинтти. Кимдир бирөөлөр Хизб ут-Тахрирдин бул ишмердүүлүгүн калыс баалаган болсо, кимдир бирөөлөр бузуп көрсөтүүгө аракет кылды.

Башкы кеӊсеси Ирак Курдистанынын борбору Эрбил шаарында жайгашкан жана бир нече тилдерде эфирге узатыла турган “Rudaw TV” Хизбут-Тахрирдин Түркиядагы басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кардан ушул “кайрылуу” жана башка маселелер боюнча интервью алды. Төмөндө ошол интервьюнун текстин сунуштайбыз.

Rudaw TV: Назик бир кезде колуӊузда ак-кара түстөгү тавхид байрактары менен көчөлөргө чыгышыӊыздын бирер өзгөчө себеби барбы?

Махмуд Кар: Ислам дүйнөсү акыркы кездерде Жакынкы Чыгышта “Араб жазы” деген аталыштагы саясий Исламий козголууну башынан өткөрүүдө. Бул болсо, диктатор режимдер тарабынан мусулман калктарга өткөрүлгөн зулумдардын натыйжасы болуп эсептелет. Козголоң кээ бир мамлекеттерде өз жемишин бербей туруп, Батыш тарабынан демократиялык режимдерге алмаштырылды. Муну менен ынкылаптан көздөлгөн максат жүзөгө чыга элегинде тосуп коюлду. Биздин мындай бир учурда Халифалык мамлекетин тикелөө маселесин көтөрүп чыгышыбыздын албетте Ислам дүйнөсүндөгү өзгөрүшкө тиешеси бар. Себеби, Ислам үммөтүнө диктатор режимдердин да, демократиялык режимдердин да бирер пайдасы жок.

Rudaw TV: Мындан мурда Ал-Каида жана ИШИМ да Халифалыкты жарыя кылып, ушуга чакырышкан эле. Сиздин чакырыгыӊыз менен алардын чакырыгынын ортосунда кандай айырма бар?

Махмуд Кар: Хизб ут-Тахрир 60 жылдан бери саясий ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Халифалык мамлекетин тикелөөгө даъват кылып, күрөш жүргүзүүдө өзүнө таандык, шаръий ыкманы тандап алды. Хизб ут-Тахрир Халифалык мамлекетин тикелөө жаатында куралдуу аракет кылбайт. Ислам муну четке каккандыгы үчүн Хизб ут-Тахрир да четке кагат.

Ошол себептен улам, Ал-Каида жана ИШИМдин ишмердүүлүк ыкмасы менен Хизб ут-Тахрир ишмердүүлүгү ортосунда карама-каршы пикирлер бар. Алар куралдуу күрөштү биринчи орунга коёт. Хизб ут-Тахрир даъват кылып жаткан Халифалык мамлекети менен ИШИМ бүгүнкү күндө жарыя кылган Халифалык мамлекетинин ортосунда жер менен асмандай айырма бар. Хизб ут-Тахрир глобалдык масштабда элүү мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан уюм.

Rudaw TV: Хизб ут-Тахрир ИШИМ жарыя кылган Халифалык мамлекетине кандай карайт?

Махмуд Кар:  Хизб ут-Тахрирдин амири улуу аалым Ато Ибн Халил Абу Рошта ИШИМ жарыя кылган Халифалык мамлекетине тиешелүү суроого жооп берип, бул мамлекет шаръий жактан каралганда да сахих эместигин жана аклий жактан алганда да мамлекет принциптерине ээ эместигин ачыктап берген.

Rudaw TV: ИШИМдин Ислам атынан ишке ашырып жаткан адам өлтүрүүлөрүнө Хизб ут-Тахрир кандай комментарий берет?

Махмуд Кар: Жума күнүндөгү кайрылуубузда Батыштан тышкары Исламга зыян жеткирип жаткан эки топ жөнүндө сөз кылдык. Бирок, аттарын атабадык. Булардан бири Исламий көрүнүшкө кирип, Исламий далилдер менен Исламга эмес, демократияга чакырып жаткан жана Халифалыктын шаръий өкүм эместигин айтып, мусулмандарды чалгытууга аракеттенип жаткан топ. О.э. ИШИМ жарыя кылган Халифалык көлөкөсүндө ишке ашырылган иштер, адам өлтүрүүлөр, булардын баары Исламга зыян жеткирип жатканын жана Батышка жол ачып берип жатканын да айтып өттүк.

Ушуга ылайык, ИШИМдин бул иштери чыныгы Халифалык мамлекети тикеленишине өтө чоӊ тосук болду. ИШИМдин бүгүнкү күндө мусулмандарга карата кылып жаткан иштери Батышты ого бетер күчөтүүдө. ИШИМ адамдарды Халифалыктан коркутту. Ошондуктан да ИШИМ жарыя кылган Халифалык Исламга пайда келтиргендин ордуна зыян жеткирди деп айта алабыз.

Rudaw TV: ИШИМ күрттөр менен согушууда. Ушуга ылайык, ал мужахидби же баскынчыбы?

Махмуд Кар: Биз мусулмандын мусулманга каршы согушуусу арам экендигин ар дайым айтып келебиз. ИШИМдин күрттөр жана Пешмергелер менен согушуусу – бул Батыштын каалоосу. Биз ИШИМди баскынчы деп атап, Батыштын болсо чыныгы жүзүнө көз жумсак жана ИШИМди террорчу топко чыгарсак, Батыштын чырагына май тамызган болобуз. Батыш ИШИМден пайдаланып бардык топторго террор тамгасын жабыштырууда.

ИШИМ баскынчы топ эмес, анын курамында чет өлкөдөн келген мужахид топтор да бар жана ошону менен бирге жергиликтүү мужахиддер да бар. Биз бул жерде ИШИМдин стратегиясы, кылып жаткан иштери жана жарыя кылган Халифалыгы туура эместигин гана айтабыз. Ал эми аны баскынчыга чыгарышыбыз ката болот. ИШИМ Сирияда жашап келген же ынкылапты колдоо үчүн чет өлкөдөн келген мужахиддерден түзүлгөн. Биз бул жерде Батышты гана баскынчы деп билебиз.

Rudaw TV: ИШИМ кимдерден түзүлгөн?

Махмуд Кар: ИШИМ кафирлерден түзүлгөн топ эмес, тескерисинче мусулмандардан турат. Ошол себептен улам да ИШИМди баскынчы деп билбейбиз. ИШИМ баскынчы болушу үчүн куфр мамлекети болушу керек болот. Мисалы, Израиль Палестина жерлеринде баскынчы. АКШ Афганистанда баскынчы. ИШИМ болсо баскынчы эмес. А бирок, бизден “ИШИМ Исламдын атынан, Үммөттүн атынан, Халифалыктын атынан жихад кылып жатабы?” деп сурасаӊыз биз “жок” деп жооп беребиз.

Rudaw TV: Хизб ут-Тахрирдин ИШИМге жакын экени айтылат, ушул чынбы?

Махмуд Кар:  Хизб ут-Тахрирдин ИШИМге жакындыгын айтып жаткандар албетте далил келтириши керек. Биз 1952-жылдан бери Халифалык мамлекетин каалашыбызды айтып келебиз. ИШИМ да Халифалык мамлекетин жарыя кылгандыгын айтууда. Ушундан пайдаланып коомдо Хизб ут-Тахрирдин ИШИМге жакындыгын айтышууда. Бул болсо, жалаадан башка нерсе эмес. Хизб ут-Тахрирдин ИШИМ менен эч кандай алакасы жок.

Rudaw TV: Мамлекет тикеленсе ким Халифа болот?

Махмуд Кар: Халифанын мусулман болушу шарт. Халифалык мамлекети тикеленгенде Хизб ут-Тахрирдин амири Халифалыкка өз талапкерлигин коюшу мүмкүн. Себеби, ал киши буга эң татыктуу адам. Себеби, Хизб ут-Тахрир 1952-жылдан бери Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып келет. Демек, бул жаатта өтө чоӊ тажрыйба жана билимге ээ. А бирок, эгерде Үммөт башка бир кишини тандаса, Хизб ут-Тахрир буга таптакыр тоскоолдук кылбайт. Кимдин Халифа болушу бүгүнкү күндө талкуу кылына турган маселе эмес.

Rudaw TV: Хизб ут-Тахрир Түркияда мыйзамдуу партияга айлануу жөнүндө ойлонбой жатабы?

Махмуд Кар: Түркияда партияларга тиешелүү мыйзамдар Исламий түшүнүктөгү партиялардын түзүлүшүнө тоскоолдук кылат. Бирер партия түзүлсө, демократиялык жана муътадилдик алкагында ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Хизб ут-Тахрир болсо муътадилдик жана демократиянын куфр экендигин айтып келет. Түркиядагы партиялар мыйзамы өзгөрбөгөн соӊ, биз мыйзамдуу партияга айлана албайбыз.

Rudaw TV: Күрттөрдүн эгемендүү мамлекети болушуна кандай карайсыз?

Махмуд Кар:  Ислам дүйнөсү 1924-жылы Халифалык мамлекети кулагандан кийин элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүп ташталды. Түрктөргө бир мамлекет берилди, арабдар ондон ашуун бөлүккө бөлүнүштү. Күрттөргө болсо бирер жер берилбеди. Мунун себебин биз мындай түшүнөбүз; Халифалык кулатылгандан кийин эң катуу каршылык көрсөтө турган калк Күрт калкы болду. Шайх Саъд Киямий мунун жаркын далили. Бүгүн күрттөрдүн өзүнчө бир мамлекети болушу Ислам дүйнөсү жагынан каралганда эч нерсени түшүндүрбөйт. Биз бул мааниде Исламдан келип чыккан төмөнкүдөй түшүккө ээбиз; Күрттөрдүн да бир мамлекети эмес, тескерисинче бүтүндөй Ислам үммөтүнүнүн бир бүтүн мамлекети болсун. Аларды коргоочу жалгыз Халифасы болсун. Биз күрт мамлекетинин курулушуна мына ушундай карайбыз. Барзоний эгемендүү Курдистан мамлекетин жарыя кылса, Ислам үммөтүнүн топурактары дагы бир бөлүккө бөлүнгөн болот.

Булак rudaw.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here