Ислам динине каршы күрөшүп жаткандар өз зыянына гана иштеп жатышат!

315
0

 Аллах Субханаху ва Таала тарабынан Ислам дини бардык адамзат үчүн хидаят жана рахмат кылып жөнөтүлгөн күндөн баштап, Ислам душмандары тарабынан диндин жайылышына жол койбоо максатында даъватты көтөрүп чыккандарды куугунтуктоо жана кысымга алуу башталган.

 Абу Жахл, Абу Лахаб, Валид ибн Мугийра жана Умайя ибн Халаф сыяктуу ашынган кафирлер Ислам дининин жайылышына жол бербестик максатында малы-жанын аябастан аракет кылышканы, а бирок эч кандай натыйжага жетише албастан натыйжада Аллахтын, Пайгамбарынын жана мусулмандардын наалатына дуушар болгон абалда бул дүйнөсүн да, акыретин да күйдүргөнү тарыхтан белгилүү. Бирок, алардын тагдырынан сабак албаган жана өткүнчү дүйнөнүн арзыбаган кызматтык креслосуна ээ болуу, же бирер материалдык кызыкчылыкка ээ болуу үмүтүндө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп келе жаткандар исламий өлкөлөрдө да жетиштүү эле табылат. Алардын тарыхта өткөн дин душмандары менен айырмасы, мурункулар кафир болгон абалда Исламга каршы күрөшкөн болсо, азыркылар мусулмандыкты дааба кылып туруп Ислам динине жана мусулмандарга каршы күрөшүүдө.

 Ошолордун бири, 1984-жылы Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда туулган, Кыргызстан республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) Ош шаары жана Ош областы боюнча тергөөчүсү, юстициянын ага лейтенаты Шадыбеков Артур Усупжанович. Артур кесиптик ишмердүүлүгүндө Ислам жана мусулмандарга, айрыкча, Ислам даъватын көтөрүп чыгып жаткандарга каршы душмандыгы аркылуу өзүн көрсөтүп келе жатат. Артур Ислам динине каршы ачык эле күрөшүп жаткан жана Кыргызстандын мыйзамдарын ашкере көрүнүштө бузуп жаткан күч түзүмүнүн кызматкерлеринин бири болуп эсептелет. Мусулман боордошторубузду жана эже-карындаштарыбызды камакка алуу боюнча Артур катышкан ар бир камакка алуу операциялары шектелген адамды катуу таяктоо, акаарат кылуу жана зомбулуктар менен ишке ашырылат. Анын биринчи “ийгиликтүү операциясы” ошол кезде социалдык тармактарда кеңири нааразылыктарга себеп болгон шейит боордошубуздун кызы Зулфия Аманованын камакка алынышы болгон эле.

 Көз карандысыз экспертиза карындашыбыз Зулфия Аманованын сөздөрүндө мыйзамга тескери эч кандай сөз жоктугу туурасында тыянак чыгарган болсо да, Артур Зулфия берген интервьюдан диний кастыкты козгоочу сөздөр бар экендигин табууга “жетишти”. Артур Шадыбеков Зулфияны темир тор артына таштоого катуу аракет кылды, мунун натыйжасында болсо Зулфия тергөө камагында эки ай калып кетти, натыйжада соттун өкүмү менен бир жылдык шарттуу жазага тартылды. Шадыбеков кесиптештери арасында “ага чейин эч ким Зулфия Аманованы камакка алууга батынбаганы” менен сыймыктанып жүрдү.

 Артурдун катышуусундагы экинчи операция боордошубуз Хакимжан Абиджановдун камакка алынышына байланыштуу. Таң саарда адрестен адашып калган Артур Шадыбеков башчылыгындагы атайын топ Хакимжандын кошунасы, неберелери менен бирге жашаган кары аялдын үйүнө бастырып киришет. Эркектер Россияга жумуш издеп чыгып кетишкендиктен үйдө эркектер болбогон кошуналар шок абалына түшүп калышат. Алар үйгө каракчылар же уурулар кирип келди деп ойлошот. Атайын кызматтын маска кийген кызматкерлери оройлук менен кары аялды коркутуп чоочун үйдөн Хакимжанды издей башташат. Жаш балдар жана аялдарды ызы-чууга салып бүтүндөй үйдү астын-үстүн кылып тытып чыккан атайын топтун кызматкерлери адашып калышканын билгенден кийин кечирим сурап да койбостон чыгып кетишет.

 Ошондон кийин алар Хакимжандын үйүнө бастырып киришет. Дарбазанын катуу такылдашы Хакимжандын атасы, ооган согушунун ардагери, экинчи топтогу майып 63 жаштагы Мухаммаджан аганы ойготуп жиберет. Мухаммаджан ага эшикти ачуу үчүн бара жаткан убакта дарбазаны сындырып кирген атайын кызматтын кызматкерлери аны жүзүнө автоматтын кундагы менен уруп жыгытышат жана эки кызматкер ал эсин жоготконго чейин ур-тепкиге алышат. Аларды ал тургай аялынын ызы-чуусу да токтото албайт. Адамдык сапатын жоготкон бул кызматкерлер кары кишиге жардам берүү үчүн келген тез жардамдын кызматкерлерине да тоскоолдук кылышат. Хакимжандын апасы күйөөсү менен убара болуп турган убакта Артур башчылыгындагы кызматкерлер Хакимжан  жаткан бөлмөгө кирип барышат жана убакыттан пайдаланып, кроваттын алдына китептерди таштап коюшат. Тинтүү учурунда одоно көрүнүштө мыйзам бузуулар болгондугун бир добуштан тастыктаган кошуналардын көрсөтмөсүн сот эсепке албады жана Хакимжанды 5 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды. Шадыбековдун тинтүү учурундагы иш-аракеттери боюнча арыздангандан кийин аскердик прокуратура ага карата кылмыш ишин козгоду, а бирок, ушул кезге чейин бирер чара көрүлбөдү.

 Артурдун катышуусундагы үчүнчү тинтүү боордошубуз Диляр Жумабаев менен жүз берди. Исламга даъват кылууда активдүү болгон Диляр мамлекетте өзү ээлеген позиция менен таанымал болчу. Ал ар дайым өкмөттөн мыйзамдын алкагында аракет кылууну талап кылат эле, бул болсо, өз кезегинде өкмөттүн тынчын алат эле. Артур Шадыбеков бул жолу да кескин аракет кылды. Маска таккан атайын кызматтын кызматкерлери дарбазадан ашып өтүп, үйгө бастырып киришти. Эмне болуп жатканын түшүнүп жетпеген Дилярдын үй-бүлөсүндөгүлөр нес болуп калышты. Мыйзамга моюн сунууну талап кылганына жооп иретинде алар Дилярды таяктоону баштап жиберишти. Атасын коргоо үчүн чыккан Дилярдын 17 жаштагы кызын да кошо таякташты. Дилярды болсо автоматтын кундагы менен эсин жоготкончо урушту. Булардын бардыгына үйдү тинтүү учурунда 3000 долларды алып чыгып кеткен Артур Шадыбеков башчылык кылды. Таяктоодон алган жарааттарына карабастан Дилярга эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөдү. Көпкө созулган соттук процесстерден кийин Диляр 6 жылга колонияга өкүм кылынды.

 Тергөөчүнүн мындай кылмыштары бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Кыямат күнүндө Өзүнүн динине каршы баргандарды Аллах тарабынан аянычтуу жазалар күтүп жатканын ойлоп да койбогон Артур Шадыбеков мана ушундай “баатырдык”тарды көрсөтүп келе жатат. Ал башчыларынын тапшырмаларын ашыгы менен аткаруу аркылуу кызмат тепкичтеринен кандай көтөрүлүү жөнүндө гана ойлонууда, анын аракеттеринен канчалаган мусулмандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү азап тартып жатканы менен иши жок.

 Аны жана ал сыяктуу билип-билбей Аллахтын динине каршы күрөшүп жаткандарды Өзүнүн туура жолуна баштоосун Аллахтан сурап дуба кылалы!

 Анткени, тарыхта өткөн Ислам душмандары эч кандай натыйжага жетише албаганы сыяктуу эле, бүгүнкү күндө Ислам дини коомго жайылышына каршы күрөшүп жаткандар да өздөрүнүн зыянына гана аракет кылып жатышат.

 “Алар Аллахтын нурун (Исламды) ооздору (бекерпоз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да, жалаң Өз нурун толо (ар тарапка) жаюуну каалайт. Ал (Аллах) Өз пайгамбарын хидаят жана акыйкат дин менен — мушриктер каалашпаса да — бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”. (61:8-9)

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here