Столтенберг: Россия менен кызматташууга даярбыз

273
0

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россия менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Бирок, эгерде Россия НАТОго каршы күрөшкө бел байлай турган болсо Столтенберг буга да даяр экендиктерин баса белгиледи.

“Россия тандоо укугуна ээ. Же күрөш жолун улантып дагы да көбүрөөк курчоодо калат же кызматташтык жолун тандайт. Эгерде кызматташууну тандаса бул Россия үчүн да НАТО үчүн да пайдалуу болот. Биз кызматташууга даярбыз. Бирок, кээ бир кызматтар талап кылынат. Эгерде каршы күрөштү тандай турган болсо биз буга да даярбыз”, – деди Столтенберг “Foreign Affairs” журналына берген интервьюсунда.

“Молдовия, Грузия, Крым жана Чыгыш Украинада Россиянын күч колдонгонуна күбө болдук. Россия бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн урматтаган Европа пикирине каршы таасир майданын жаратууга аракет кылууда”, – деп кошумчалады НАТОнун башкы катчысы.

Столтенберг НАТОнун коргоо жөндөмүн эки эсеге күчөткөндүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, коргонуу чыгымдарын көбөйтүү туурасында милдеттенме алган. Алдыдагы 10 жылдын ичинде НАТОго мүчө мамлекеттердин ички дүң продукциясынын 2% өлчөмүндөгү чыгым ишке ашырылат.

“Суук согуш аяктагандан бери ортоктош коргонуубуздагы эң чоң тоскоолдукту пайда кылып жатабыз”, “Коргонууда ар дайым даяр турган бир түзүмдү пайда кылып жатабыз”, – деди Столтенберг.

Туркистон:

  Россиянын эл аралык саясаттагы салмагын кармап туруу үчүн аскерий кубаты менен коркутуудан башка чарасы калбады. Ал эл аралык саясатта саясий, сакафий жана экономикалык тармактардагы күрөштө дээрлик жеңилди.

НАТО АКШнын аскерий машинасы экендигин эсепке алганыбызда, АКШ Россияны аскерий күрөш майданына алып чыгуу ниетинде эмес. Себеби, Россия да АКШ же башка жетекчи мамлекеттер сыяктуу эле, дүйнөнү кыйроого учуратып жиберүү кубатына ээ болгон аскерий куралдар потенциалына ээ мамлекет. Эгерде ал учурдагы дүйнөлүк системага моюн сунуудан баш тартып, эл аралык мыйзамдарды бузуп, БУУнун резолюцияларын четке кага баштаса, АКШ же башка чоң жетекчи мамлекеттер т.а. БУУнун коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттер үчүн өтө чоң проблема пайда кыла алган болот.

Себеби, биз Хизб ут-Тахрир партиясынын негиздөөчүсү Шейх Набхоний азиретинин “Саясий караштар”  жана дагы бир катар саясий китептеринен билгенибиздей, ядролук куралга ээ чоң жетекчи мамлекеттер бири-бири менен эч качан түздөн-түз согушпайт. Себеби, алардын ар бири бири-бирин бир нече жолу жок кылып жибериши мүмкүн болгон ядролук аскерий кубатка ээ. Ошондуктан, алар бири-бири менен экинчи, же көбүрөөк үчүнчү мамлекеттердин жерлеринде согушат. Бул согуштарында алар эл аралык нормаларга моюн сунуу шарттарына да мүмкүн болушунча амал кылууга аракет кылышат.

Россия акыркы кезде бир аз мурда түшүнүп алуу кыйын болгон, саясий жактан бири-бирине окшобогон аракеттерди кыла баштады. Ал 9-май күнү жеңиштин 70 жылдыгы мааракесин шылтоолоп, аскерий базаларынын көп бөлүгүн жана негизги ракеталар системасын Европа тарапка каратып тизип алды. Россия бул аркылуу Батыш мамлекеттеринин этибарын өзүнө тартууну максат кылган эле. Ошондой да болду, жогоруда НАТО ага жооп кайтарды.

Жоопко караганда, АКШ Россияга карата позициясын дээрлик өзгөрткөн эмес. Россиядан талап кылынып жаткан позициялар да кудум мурункудай эле кескин көрүнүштө. Себеби, Россиянын коркутуусу АКШга каршы каратылган эмес, түпкүлүгүндө Европа мамлекеттерине каратылган эле. Ошондуктан, АКШ НАТО аркылуу жооп берүүдө. АКШ бул аркылуу Еропанын коопсуздугу АКШнын мойнунда экендигин эскертип коймокчу. Себеби, Россия Европа мамлекеттерине карата аскерий тараптан кескин позицияларды кармануу менен аларды АКШга басым өткөрүүгө же анын коргоосунан жана кызыкчылыктарынан баш тартууга үндөмөкчү болот. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here