Аракандык мусулмандар үчүн алгачкы жолу жыйын өткөрүлдү

289
0

Акыры, БУУнун Коопсуздук кеңеши Аракан мусулмандары үчүн алгачкы жолу жыйын уюштурду. Жабык көрүнүштө өткөн жыйында аракандык мусулмандар башынан өткөрүп жаткан проблемалар жана адам укуктарынын бузулушу абалдары талкуу кылынды. Жыйынга телеконференция аркылуу байланышкан БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раъд ал-Хусайн Мьянмадагы адам укуктарына тиешелүү кырдаал тууралуу маалымат берди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Повер жыйындын артынан өзүнүн Twitter баракчасында бул жыйынды “биринчи жана тарыхий жыйын” деп баалады. Анын айтымында, Мьянмадагы адам укуктарынын бузулушу туруктуулук жана демократиялык өнүгүүгө терс таасирин тийгизет.

Кеңештин кээ бир мүчөлөрү бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланышын сынга алышты. Алардын айтымында, бул маселе Мьянманын ички проблемасы болуп эсептелет. Адистердин пикиринче, жыйындын артынан эч кандай билдирүү берилбегендигин эсепке алганда, жакынкы мезгилде БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул проблеманы чечүү үчүн кадам таштоосу күтүлбөйт.

Туркистон:

Дүйнөнүн бардык жерлериндеги мусулмандар сыяктуу эле Мьянма мусулмандарына карата көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан зулумдар 2012-жылы чокусуна чыккан эле. Жергиликтүү бутпарастар азчылыкты түзгөн мусулмандарды дүйнөнүн көз алдында аёосуз кыргын кылып жатканына бир нече жыл болду. Адам укуктары уюмдарынын бирөө-жарымы, ал тургай БУУ да алардын абалынан кабарсыз эмес. Себеби, кыргындар, тирүүлөй өрттөп жиберүүлөр, өлгөнгө чейин азаптоолор ашкере түрдө, бүт дүйнөнүн көз алдында ишке ашырылууда. А бирок, бул абал бир нече жылдан бери уланып келе жаткан болсо да, БУУ жана башка бирер уюм алардын муң-зарына кулак салууга шашылбай жатат.

Түпкүлүгүндө, БУУ дүйнө жүзүндө тынчтыкты бекемдөө, коопсуздукту камсыздоо, улуттар ортосунда достук мамилени өнүктүрүү, мамлекеттер жана калктар ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү даабасы менен түзүлгөн эл аралык уюм болуп эсептелет. Бул тууралуу БУУнун уставында жазылган. Ошондуктан, ал жалпы максаттарга жетишүүдө улуттардын аракетин шайкеш келтирип туруучу борбор болуп эсептелет.

Дүйнө калктары ортосунда тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши да түзүлгөн. Бул кеңештин милдети тынчтык жана коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн болгон жаңжалдардын үстүнөн текшерүү өткөрүү. Ал калктар ортосунда жаңжал чыкса абалдын начарлап кетишине жол бербестик үчүн тийиштүү иш-чараларды сунуштайт. Тараптар бул сунуштарды аткарбаган убакта темир жол, деңиз жана аба жолдору, почта, телеграф, радио же экономикалык алакаларды токтотуу укугуна ээ. Калктар ортосундагы тынчтыкты сактоого жогорудагы иш-чаралар да жетиштүү болбосо, анда куралдуу күчтөрдү ишке салууга акылуу. Бул укук БУУнун Коопсуздук кеңешине гана берилген.

Ушунча мүмкүнчүлүк жана укуктарга ээ болушуна карабастан, БУУнун Коопсуздук кеңеши аракандык мусулмандарды жийиркеничтүү көрүнүштө кыргын кылып жаткан, мусулмандар бир нече айлап деңизде кемелерде калып кетишинин натыйжасында ачкачылык жана чаңкоодон өлүшүнө себеп болуп жаткан бутпарастардын кылыктарын алыстан унчукпай күзөтүп турат. Себеби, өлүп жаткандар, кыргын кылынып жаткандар жана намыстары тебеленип жаткандар мусулмандар.

Ушунча нерседен кийин да БУУдан жана анын коопсуздук кеңешинен жардам күтүү, алардан чечим талап кылуу акмакчылыктан башка нерсе эмес. БУУнун уставында көрсөтүлгөн «дүйнө жүзүндө тынчтыкты бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо» деген сыяктуу кооз сөздөр БУУнун чыныгы маанисинен кабарсыз карапайым адамдарды тузакка илиндирүү үчүн айтылган сөздөр болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here