Түркияда парламенттик шайлоо жакын

285
0

Түркияда 7-июнь күнү парламенттик шайлоо өткөрүлүшү белгиленген. Бардык партиялар добуш топтоо үчүн тынымсыз үгүт иштерин алып барышууда. Демократияны бекемдөө жолунда иш жүргүзүп жаткан бул партиялар Түркия калкына түрдүү убадалар берип, алардын добушун алуу үмүтүндө жан үрөшүүдө.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн башчысы Махмуд Кар Түркия калкына кайрылып, элди бу шайлоого катышпоого чакырды. Махмуд Кар мындай шайлоодо добуш берүүнүн шаръий өкүмү арам экенин эстетип, сөзүн мындайча улады:

“Силер демократиялык шайлоолорго добуш берүү менен, өзүңөр билбеген абалда, бу дин ажыратылган режимдин өмүрүн узартууга кызмат кылып жаткан болосуңар.

Уматтуу мусулмандар! Шайлоонун мааниси – бул эки же андан ашык нерселердин бирин тандоо. Исламда болсо арам аралашпаган абалда шайлоо жана шайлануу жайиз болуп эсептелет. Хулафаи рошидиндер доорунда Халифалар шайлоо аркылуу муъминдердин амирлерине айланышты. Мусулмандар болсо, байъат берүү менен аларды өздөрүнө башчы кылып шайлап алышты.

Ушул орунда этибардан четте калган абдан маанилүү бир маселе бар. Биз бул маанилүү маселе тууралуу сөзсүз ачык айтып өтүшүбүз керек. Шайлоо мубах дегени – бу депутаттарга добуш берүү да мубах дегенди түшүндүрбөйт. Себеби, бу шайлоолор аркылуу куфр түзүмү болгон демократия жана илманийликти мыйзамдаштырууга аракет кылынып жатат. Демократия болсо Исламга тескери түзүм болуп саналат. Демократия өкүм чыгарууда (Аллах сактасын) – адамдарды Аллах тааладан көрө ылайыктуураак деп билет. Эркиндикти эч бир чектөөсүз адамга берүү – Аллахтын өкүмдарлыгын жокко чыгаруу болуп эсептелет. Ушундан улам, силердин добушуңар аркылуу шайланган депутаттар Аллах жана Росулунун бир канча өкүмдөрүн жокко чыгарышат жана алардын ордуна жаңы өкүмдөрдү коюшат. Мисалы, Аллах ва Росулу ичкиликти, зинаны, рибаны, кумарды ж.б.у.с. нерселерди арам кылды. Ал эми парламенттеги депутаттар болсо булардын баарын мыйзамдаштырышты. Эми Аллах Азза ва Жалла бу жаатта эмне дегенине этибар бериңизчи:

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمْ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا مُبِينًا

Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буйруган убакта бирер момун жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн коюп) өз иштеринде ыктыяр кылуусу жайиз эмес. Ким Аллах жана Анын пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашуу менен адашыптыр”.

Демек, боордоштор, бул жаатта мусулман мойнуна түшө турган шаръий жоопкерчилик – ушул шайлоодон узак болуу. Анткени, мындай шайлоолордо добуш берүү шарият боюнча арам болуп саналат. Билип койгула, мусулмандардын бул шайлоого катышуусу ушу илманий режимдин өмүрүн узартууга кызмат кылуудан башкага жарабайт.

Азиз мусулмандар! Депутаттар шайлоосунун акыйкатына акыл менен карай турган болсок, демократия коомду алдай турган үлкөн жалган экенин көрөбүз. Анткени, бүгүн демократия колонизаторлукту жаюу жана дүйнө бойлоп мазлум калктарды кул кылуу үчүн бир курал катары колдонулууда. Батыштыктар бүткүл дүйнөгө зордоп тыгыштырып жаткан бу эски түзүм алардын өз мамлекеттеринде да тартипсиздиктерге себеп болууда. Демократия колдонулуп жаткан бардык мамлекеттерде коомдун бардык таянычтары астын-үстүн болуп кетти. Ал адамзатты адамдыгынан чыгарып жиберди.

Эй мусулмандар, эми сиздерге ушундай суроо бермекчимин: Аллах Таала бизди жараткандан кийин этибарсыз таштап койдубу? Аллах коом таянычтарын коргой турган түзүмдөргө ээ Исламий мамлекет формасын белгилеп бербедиби? Же илманийлер дөөрүгөндөй, Аллахтын өкүмдөрү “эскирип калдыбы”? Албетте жок. Ким Ислам башкаруу түзүмүнө ээ эмес десе, анда ал Исламга доомат кылыптыр. Кимде-ким Аллахтын өкүмдөрүн бүгүнкү шарттарга туура келбейт десе, анда ал Аллахтын илахтыгына күмөн кылыптыр. Негизи, Исламдын башкаруу түзүмү бар жана ал рошид Халифалык. Мусулмандар Ислам өкүмдөрүн аткара турган рошид Халифалар шайлоосунда добуш беришет, куфр өкүмдөрүн ишке ашыра турган депутаттар шайлоосунда эмес.

Эй мусулмандар, ушундай болгон соң, демократияны четке каккыла. 7-июндагы шайлоого катышпагыла. Себеби, бул биринчиден, эң чоң күнөө. Ал талапкерлердин бирин өзүңүздөн өкүл кылып парламентке жибергениңизден кийин, алардын чыгарган мыйзамдары, кылган иштери, нашаръий аракеттеринин бардыгынын күнөөсү сиздин мойнуңузга түшөт. Себеби, добуш берүү – вакалат берүү болуп саналат. Вакил (өкүл) болсо асл сыяктуу. Ушундай болгон соң, алардын сөздөрүнө жана жалган убадаларына алданбагыла. Алардын айрымдары улутчулдарды, айрымдары консерваторлорду, кээ бирлери экономисттерди, кээ бирлери болсо Исламий көсөмдөрдү ишке салып, силерди ишендирүүгө аракет кылышууда. Силерди бу бузук түзүмдүн өмүрүн узартууга чакырышууда. Буларга алданбагыла жана Аллахтын өкүмүнөн башка өкүм издегендерди колдоп-кубаттабагыла, иштерине шерик болбогула. Анткени, Аллах Таала мындай дейт:

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

“Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы?! Ыймандары толук болгон коом үчүн Аллахтан да көркөмүрөөк өкүм кылуучу ким бар?”.

Эй мусулмандар. Кор болуп жашоо үчүн демократиялык шайлоолордо добуш берүүнүн ордуна рошид Халифалык мамлекетинде азиз болуп жашоону каалабайсыңарбы? Аллахты каарданта турган бир иш кылуунун ордуна Аллах ыраазы боло турган ишти кылууну каалабайсыңарбы? Анда илменийликти, демократияны жана парламенттик шайлоолорду четке кагып, бул түзүмдөрдөн жүз үйрүгүлө. Сиздерди тарыхий азиздигиңерге кайтара турган рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылгыла. Рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан Хизб ут-Тахрирге жардам бергиле. Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here