Украина кризиси пайда болушуна негизги себепкерлердин бири болгон болгон Россияга каршы АКШ жана Европа мамлекеттери бир катар жаза-чараларын киргизип келе жаткан болсо, дагы деле дүйнөлүк саясатта өз орду жана таасирине ээ экендигин далилдөөгө аракет кылып жаткан Россия да аларга карама-каршы санкциялар менен жооп кайтарып келе жатат.
“kun.uz” сайтынын кабар беришинче, европалык 89 саясатчынын Россия аймагына киришине тыюу салынды. Бул тууралуу Финляндиянын Yle телерадиокомпаниясы билдирген, ал Нидерландия премьер-министри Марк Руттен берген маалыматтардан цитата келтирген абалда ушул “ыңгайсыз” адамдар тизмесин жарыя кылган. “Кара тизмеге” Европа Союзу мамлекеттеринин мурдагы премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, Европарламенттин депутаттары жана разведка кызматкерлери киргизилген. Руттендин айтымында, Россия ушул тизмени Европа Союзу мамлекеттеринин элчиканаларына жиберген.
Россия Тышкы иштер министрлиги жарыя кылынган тизменин чын-төгүнүн тастыктаган эмес.
Өткөн аптада Москвага Германия парламентинин депутаты Карл-Георг Вельман киргизилбеген. Депутат Москвага келгенден кийин гана ага 2019-жылга чейин Россияга кирүүгө тыюу салынгандыгын билген. О.э. Германиянын атынан Европарламентте мүчөлүк кылуучу Ребекка Хармс жана “Конрад Аденауэр” фондунун кызматкери Томас Шнайдер да Россияга киргизилбеген. Алар да бул нерсени Москвага келгенден кийин билишкен.
Өз кезегинде Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнесттин билдиришинче, “Чоң жетилик” (G7) Россияга каршы жаңы санкцияларды талкуу кылышы мүмкүн.
Туркистон:
Россия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБге) мүчө мамлекеттердин тышкы өлкөлөр менен жалпы айлана чегарасы ичин өзү үчүн саясий, аскерий андан кийин экономикалык жактан монополия кылынган аймак кылып алмакчы. Россия алгач өз өлкөсүнүн ичиндеги батышчыл мамлекеттик эмес уюмдарды чектеген мыйзам кабыл алып, андан кийин биримдикке мүчө башка мамлекеттерге да ушул ишти сунуштай баштады. Жакында кыргыз парламенти карап чыгышы күтүлүп жаткан мыйзам долбоору, кудум Россиянын НПОлорго кылган мамилесинин көчүрмөсүнө окшойт.
Россия бир нече жыл Батыш тарабынан аманчылыкта турушу менен бутка туруп алышы мүмкүн. Учурда Россия бийлиги жүргүзүп жаткан саясат өнөржайды өнүктүрүү жана дүйнөлүк экономика менен атаандаша алуу максатына багытталган. Бирок, капитализм системасынын табияты анын ар бир тармакта өнүгүп алышын күтүп отурбайт, бутка туруп алганга чейин жутуп жиберет. Муну экономисттер жакшы билишет.
Ушуларды билген орус экономисттери Россияны өнүккөн Батыш дүйнөсүнүн кээ бир тармактарынан тосуп жана аларды эл аралык саясий аралашууларынан тыйып турушу керек. Ошол учурда Россия ЕАЭБ мамлекеттери ичинде өз позициясын тикелеп, кудум, Советтер союзу учурундагы экономикалык чынжырлар системасы сыяктуу, ал мамлекеттерде өзүнө карата саясий, экономикалык жана аскерий жактардан көз карандылык пайда кылып алмакчы.
Булардан тышкары, Россиянын ички саясаты да Путинди кадыржам кыла турган даражада стабилдүү абалда эмес. Бирок, Путиндин Батыш машинасына каршы өз өлкөсүн изоляция кылып алуу саясаты, Каримовдун ушул күнгө чейин колдонуп келе жаткан авторитардык режими саясатын эске түшүрөт. Путиндин режими күчтүү диктатуралык режим болуп бара берет. Россия болсо, эми бул режимден кааласа да кутула албай турган шартка түшүп бара берет.
Себеби, Путиндин режими ал жүргүзүп жаткан саясатты түп-тамыры менен сууруп таштап, башка багыттагы пайдалуураак алтернативдүү система алып келинишине тиш-тырмагы менен каршы турат. Ошондуктан, бул режим өзүн коргоо үчүн, ал тургай тышкы мамлекеттер менен согушууга, же ички граждандык согуш уюштуруп жиберүүгө чейин барышы да мүмкүн.
Кыргызстан да Россиянын басымы менен ал кабыл алып жаткан бир катар мыйзамдарды көчүрүп, кабыл ала баштады. Бул Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыктарына каршы багыт негизиндеги мыйзамдар болуп, негизинен кыргыз мамлекетинин АКШ менен болгон мамилесине зыян жеткириши мүмкүн болгон программалар долбоору болуп эсептелет.
Кыргызстан Россия эмес. Ал өз салмагы жана кызыкчылыгына ылайык иш жүргүзбөсө, жакында чачыранды болуп кетиши мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин жетекчилери өз кызыкчылык жана кооптонууларынан келип чыгып, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы бир катар өтө тынчсыздандыруучу кадамдарды таштап жиберүүнүн астында турат.
ЕАЭБ Кыргызстандын уюму эмес. Кыргызстан үчүн өнүгүп кетүү булагы да эмес. Бул Россиянын долбоору болуп, ал өз кызыкчылыгын коргоо үчүн ушул уюмду өнүктүрмөкчү. Кыргызстан болсо, бул уюм үчүн стратегиялык мааниге ээ болгону үчүн гана кошуп алынды. Кыргыз өкмөтү бул уюмга өз ыктыяры менен эмес, тескерисинче, Россиянын катуу басымы астында мажбурлап киргизилгенин унутпашы керек.
Демек, кыргыз элитасы бул уюмду коргоо үчүн жан үрөп, башка мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосунда кескиндиктерди пайда кылышы мүмкүн болгон ушул багытта пикирлей башташы, логикасыз ой жана аракеттер болуп эсептелет.