Мьянма парламенти муслималардын көп төрөшүнө тыюу салды

303
0

Бүткүл дүйнө калкына белгилүү болгондой, Мьянма өкмөтү узак жылдардан бери рохиня мусулмандарын аёосуз кырып келет. Дүйнөлүк коомчулук болсо, буга карата көз жумуп, сүкүт сактап келет. Мына бул жолу да жырткыч Мьянма өкмөтү – не жарандыгы, не бирер укугу болбогон мусулмандарга карата – дагы бир ыплас ишти жүзөгө ашырууга киришти.

“golosislama.ru” сайтынын кабарлашынча, Мьянмада “үй-бүлөнү пландаштыруу” деген жаңы бир мыйзам кабыл алынды. Бул жаңы мыйзамга ылайык, аялдар төрөтү ортосундагы аралык үч жылдан кем болбошу керек. Укук коргоо уюмдары маалымдагандай, бул мыйзам түп-түз эле – ансыз деле диний ишенимдери себептүү кыргынга учурап жаткан – рохиня мусулмандарына каратылган. Эми болсо рохиня муслималарын мажбурлуу түрдө стерилизациялоо коркунучу күтүүдө.

Мьянма өкмөтү бул мыйзамды “дин жана улутту коргоо комитети” аттуу бутпарас динчилдер басымы астында кабыл алганы кабарланууда. Бул комитет мусулмандарды ырайымсыз кырып жаткан уюмдарды жетектейт. Негизи деле, мушриктердин мусулмандарды эч кандай жоопкерчиликсиз кыргын кылышына Мьянма өкмөтүнүн өзү кең мүмкүнчүлүктөр жаратып берүүдө.

Исламий өлкөлөрдүн акимдери, ал тургай, Мьянмага коңшу Индонезия жана Малайзия сыяктуу мамлекеттердин жетекчилери, канкор бутпарастарды колунан кармап токтотуп калууга жарабай жатат. А түгүл, канкор мушриктердин зулумунан качып, эски кемелерде сапарга чыккан мусулман мусапырларды кабыл алууга кудуреттери жетпей жатат. Натыйжада, миңдеген мусулмандар ачуу деңиз үстүндө, ачык асман астында, ичкенге суусу, жегенге азыгы жок, ысык-сууктан башбаанексиз калып кетүүдө.

Колонизаторлор малайы Кемел Ататүрктүн колу менен Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин, мусулмандар мына ушундай акыбалга түшүп, ар бир акмак кимсе үстүнөн күлө турган болуп калды. Аларды кордой турган жана эч кандай жазадан коркпогон абалда кыра турган болушту. Ошентип мусулмандар коргоосуз калышты. Эми качан өз калканы болгон Халифалыкты тикелешмейинче, мындай кордуктар мусулмандар башынан эч качан кетпейт.

Росулуллох соллаллоху алайхи ва саллам:

إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ

 “Имам калкан. Анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here