Евразия биримдигинде кимдин мүмкүнчүлүгү кандай?

264
0

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулушу боюнча келишимдерди кыргыз өкмөтү жана парламенти өткөн аптада ратификациялады. Андан соң бул документке президент Алмазбек Атамбаев да кол койду. Эми Кыргызстан толук кандуу мүчө болушу үчүн, биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери да бул мыйзам долбоорун ратификациялашы керек. Кабарларга караганда, бул жараян бир нече айга созулушу жана жай мезгили акырларында чегаралар ачылышы мүмкүн.

Демек, Кыргызстан ЕАЭБга мүчө болуп, чегаралар ачылгандан кийин – кааласак да, каалабасак да – мейли, баалар биримдикке мүчө бардык мамлекеттерде бир кыл болбосо да, бирок, мүмкүн болушунча жакын болору анык. Ушундай болгон соң, Кыргызстан калкы Россия же Казакстандагы эмгек акыга салыштырмалуу келип чыккан бааларды көтөрүүгө кудуреттүү боло алабы? Муну өзүңүз салмактап көрүңүз.

КМШ мамлекеттер аралык статистикалык комитет берген маалыматтарга ылайык, Евразия экономикалык биримдиги ичинде эң жогорку эмгек акы Казакстанда белгиленген. Казакстанда орточо айлык маяна 132.5 миң теңге б.а. 713 доллар. Россияда бул көрсөткүч 31.3 миң рубль же 629 доллар.

Ал эми, Беларуссияда айлык акы 453 доллар болсо, Арменияда 173.5 363 доллар. А Кыргызстанда болсо 11 703 сом б.а. 200 доллар.

Айлык жөлөк пул төлөмдөрү боюнча да Казакстан биринчи орунда турат. Анда орточо төлөм көлөмү 50 549 теңге же 272 долларды түзөт. Кыргызстан болсо бу көрсөткүч боюнча да акыркы  орунда турат – 4,6 миң сом (78 доллар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here