Мамлекеттин түштүгүнө сапар кылган Атамбаевдин эл менен болгон жолугушуулары жашыруун өттү

304
0

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин түштүккө болгон жумушчу сапары учурунда эл менен болгон бардык жолугушуулары журналисттердин катышуусусуз, жашыруун түрдө өттү.

 Мамлекет башчынын түштүккө болгон сапары 25-май күнү кечке жакын башталды. Ошко жетип келген Атамбаев дароо эле жер көчкүдөн зыян тарткан Жалал-Абад областынын Кыржол айылына сапар тартты. Атамбаевдин бул жолугушуусуна Бишкектен аны менен бирге келген журналисттер да катыштырылбады.

 Президенттин маалымат кызматы бул жолугушууда журналисттер катышпагандыгынын себебин Кыржолдо өлгөн жана жараат алгандардын тууган-уруктарынын “ачуусуна тийбестик” менен түшүндүргөн болсо, кийинки эки жолугушуу эмне себептен жашыруун өткөнү туурасында маалымат бербеди.

 Эртеси күнү т.а. 26-майда Атамбаев Жалал-Абад областынын активистттери менен жолугушту жана бул жолугушуу да журналисттердин катышуусусуз өттү. Президенттин маалымат кызматы же уюштуруучулар тарабынан буга эч кандай түшүндүрмө берилбеди. ЖМКларга Көк-Жаӊгактагы аскерий бөлүктүн ачылуу салтанатында гана катышууга уруксат берилди.

 Мамлекет башчынын 27-май күнү Ош областынын активисттери менен болгон жолугушуусуна да журналисттер киргизилбеди. Бул болсо өз кезегинде Бишкектен келген журналисттерде эле эмес, жергиликтүү ЖМКлардын кызматкерлеринде да ар түрдүү нааразылык жана суроолорду пайда кылды.

 Мамлекет башчы же жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин аймактарга болгон сапарынан аздыр-көптүр кабардар болгон ар кандай адамга белгилүү болгондой, алардын жергиликтүү активисттер менен боло турган жолугушууларына өкмөттүн тарапкерлери болгон жана тандап алынган адамдар гана киргизилет. Ошондой болгон соӊ, Атамбаев эмнеге жергиликтүү активисттер менен маалымат каражаттарынан жана кеӊири коомчулуктан жашыруун абалда жолугушкандыгы түшүнүксүз болуп калууда.

 Президенттин маалымат кызматы болсо жетиштүү маалыматтарды камтыбаган кабарларды берүү менен гана чектелди.

Туркистон: 

Азыркы учурда президент эле эмес, бардык саясий элита өкүлдөрү өздөрү ээлеп турган кызматтары талабына ылайык аткарышы керек болгон иштер жөнүндө дээрлик ойлонбой коюшту. Алар бирер ишти ишке ашыруу менен ушул ишти шайлоонун алдындагы саясий пияр кылып көтөрүү жөнүндө ойлонуп жатышат.

Президенттин өз эли менен жолугушпай жөнөп кетиши, ал тургай элди маалымат каражаттары аркылуу болсо да жолугушуунун максат жана натыйжалары туурасында эскертпегендиги, элдин жана түштүктөгү саясий элитанын нааразылыгына себеп болду. Алар бул абалды өздөрүнчө ар түрдүү жоруй башташты.

Президенттин же СДПК партиясынын бул чечими саясий ката болду. Адамдардын арасында “президент мас болуп, соолуга албагандыктан эл жана маалымат каражаттары менен жолугушуудан баш тартты” деген сөздөр айтылып жатат.
Түпкүлүгүндө, президент элдин алдында өзү үчүн же партиясы үчүн бирер кадыр-барк алып келе турган иш-аракеттери болбогондугунан жана келечекте да натыйжалуу, бирер мактануу мүмкүн болгон план жана чараларынын жоктугунан улам  жолугушпай жаманатты болуу өзү үчүн жана партиясы үчүн келечектеги шайлоодо пайдалуураак деп билди. Булардын мыйзамы боюнча президент бирер партиянын мүчөсү болушу жана бирер партия үчүн үгүттөө иштерин жүргүзүшү, же болбосо бирер партияга жан тартышы мүмкүн эмес. Бирок, Кыргызстандагы чиновниктердин дээрлик бардыгы кызмат абалынан кыянаттык пайдаланып, азыртадан баштап шайлоого тымызын даярдана башташты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here