Обама: Бул чегинүү тактикасы

304
0

 Бир нече күн мурда ИШИМ уюму тарабынан Рамади шаарынын басып алынышы ызы-чууларга себеп болду.

Иран ынкылапчылар гвардиясынын командачысы генерал Касим Сулаймани Рамадинин басып алынышында АКШны айыптап чыкты. Сулайманинин айтымында, ИШИМ Рамадиге чабуул баштаганына карабастан, АКШ буга каршы эч кандай чара көрбөгөн. АКШ президенти Барак Обама болсо Рамади шаарынын ИШИМ колуна өтүшүн “Чегинүү тактикасы” деп баалады. Обаманын айтымында, АКШ ИШИМге каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө жеӊилбеген.

Бул тууралуу Барак Обама “The Atlantic” журналына интервью берди. Журналисттин: “Рамади шаарынын колдон кетиши менен АКШ ИШИМге каршы күрөштө жеӊилдиби?” – деген суроосуна, Обама: “Жок, жеӊилдик деп ойлобоймун. Бул чегинүү тактикасы экендигине шек-күмөн жок”, –  деп жооп берди.

Туркистон:

Белгилүү болгондой, АКШ жана Батыш мамлекеттери ИШИМдин иштерин көбүртүп көрсөтүү менен адамдардын дилинде Халифалык мамлекетине карата душмандык ойготууга аракет кылып келе жатат. ИШИМ уюмунун туткундарга карата мамилелери, көпчүлүктүн көз алдында аларды өлтүрүүлөрү жана Зайдийлер сыяктуу элдерге карата ишке ашырган кылмыштары АКШ башчылыгындагы кафир мамлекеттер үчүн аябай пайдалуу болууда. Алардын бул иштеринен куфр мамлекеттери өздөрүнүн түпкү максаттарын жашыруу үчүн пайдаланышууда. Түпкүлүгүндө болсо, АКШ жана Батыштын максаты чыныгы Ислам мамлекетинин тикеленишине тоскоолдук кылуу. ИШИМдин бул иштери алар үчүн даяр шылтоо гана болууда.

АКШ жана Батыш мамлекеттери ИШИМден пайдаланып биринчи орунда Халифалык мамлекетин адамдар көз алдында куник кылып көрсөтүп жатышкан болсо, экинчи кезекте аны “мокочо” кылып көрсөтүп өзүнүн саясий максаттарын ишке ашырууда. Жогорудагы кабарда АКШнын жеӊилүүсү тууралуу сөз болуп жатат. Окуянын артынан АКШ вице-президенти Жо Байден ИШИМ Сирия жана Иракты эмес, тескерисинче, Европа жана Американы бутага алып жатканын дааба кылды. Акыйкатта болсо, ИШИМ согуштук кудурети чектелген катардагы бир уюм болуп эсептелет. О.э. эч кандай аскерий флотторго, самолёт ташуучу ири кемелерге, ракеталарга жана ядролук куралдарга ээ болгон мамлекет да эмес.

Алардын максаттарынын дагы бири, мусулмандарга каршы күрөштө мусулмандардын өздөрүнөн пайдалануу. Ошондуктан, алар “ИШИМ динсиздерди эле эмес, мусулмандарды да аёосуз өлтүрүп жатат” деген түшүнүктү жаюуга аракет кылып жатышат. Ошону менен кээ бир мусулмандардын жүрөгүндө ИШИМге карата коркуу жана душмандык пайда кылды. Анткени мунун менен, ИШИМ шылтоосунда Ислам өлкөлөрүнө чабуул уюштурулса башка мусулмандар буга каршылык билдирбейт, ал тургай куфр менен бир катарда туруп согушка да киришет.

Ошондуктан, мусулмандар окуяларга тереӊ назар салуусу жана аларга Ислам көз карашынан туруп баа бериши керек. Болбосо, куфрдун айла-амалдарына алданып калышы жана өзү билбеген абалда куфрдун пайдасына кызмат кылып коюшу мүмкүн.

Киёмуддин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here