Тажикстан өкмөтү мусулман уйгурларды бутпарастарга тапшырууга ыраазы болду

290
0

Кытай өкмөтү тарабынан даярдалган “Кылмышкерлерди мекенине кайтаруу” келишимин макулдаган Тажикстан өкмөтү мамлекеттеги мусулман уйгурларды бутпарас Кытайга тапшырууну кабыл алгандыгы күндүн негизги темасына айланды. Тажикстан менен Кытай ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Тажикстанда жан сактап жүргөн мусулман уйгурлар коммунист Кытай өкмөтүнө тапшырыла турган болду.

BBC маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Тажикстан парламенти “Кылмышкерлерди мекенине кайтаруу” келишимин тастыктаган. Тажикстандын башкы прокрору Юсуф Рахимов эки мамлекет ортосунда кол коюлган бул келишимдин натыйжасында Кытайда кармалган Тажикстан жарандарын мекенге кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болушун билдирди.

 “Asia News” маалымат агенттиги таркатган кабарга ылайык, көп жылдардан бери уйгур активисттерин колго түшүрө албай жүргөн Кытай өкмөтү үчүн да бул келишим абдан пайдалуу. Тажикстан менен түзүлгөн келишим аркылуу Кытай бүтүндөй Орто Азия мамлекеттеринде жүргөн мусулман уйгурларды Кытайга кайтаруу келишимине кол коюу жараянын аягына чыгарды. Кытайга тапшырылган мусулман уйгурларды болсо өмүр бою камак жазасы же өлүм жазасы күтүп турганы шексиз.

Кабарларга ылайык, эл аралык уюмдар бул түрдөгү келишимге шектенүү менен карап жатышат. Чыгыш Түркстанда жашап жаткан мусулман уйгурлар мамлекеттин камактарында оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканы бүт дүйнөгө белгилүү. Кытай өкмөтү эгемендүүлүктү талап кылган уйгур активисттерин террористтикте айыптап оор жазага тартып келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here