Назарбаев Россияга карата колдонулган санкциялардан тынчсызданууда

287
0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Россия-24” телеканалына берген интервьюсунда санкциялардан Россия эле эмес, башка мамлекеттер да зыян тартып жатканын баса белгиледи.

 “БУУ тастыктабай туруп эле Россияга каршы киргизилген мыйзамсыз санкциялар Россия экономикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, – деди Казакстандын президенти.

 Нурсултан Назарбаев финансы системасындагы проблемаларга токтолуп, глобалдык валюта архитертурасынын эскиргенин баса белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк резервдик валютасынын бир гана эмитентке байланыштуулугу башка мамлекеттер үчүн өтө чоӊ коркунучтарды туудуруп жатат. Ошондуктан да, Латын Америкасы менен араб дүйнөсүндө регионалдык валюта пайда кылуу жана ушундай көрүнүштө доллардын таасирин азайтуу туурасында сөз болуп жатат.

 О.э. Казакстан президенти Украинадагы кырдаал жөнгө салынышы үчүн мүмкүн болушунча аракет кылып жаткандыгын айтты.

 “Менден ортомчулук кылууну сурашса, убактымды да, күчүмдү да аябаймын, жолугушууларды өткөрөмүн, тараптарды сүйлөшүүлөргө чакырамын. Мындай абалда мамлекеттердин жетекчилери ар дайым келишүү үчүн жол таба алышат. Мен бул жерде чечилбей турган проблемаларды көрбөй жатам. Күзөтүүлөргө караганда, Россия тарап да, Украина тарап учурдагы карама-каршылыктарды жок кылып, маселени чече турган абалга жетип келди. Бул нерсе тезирээк ишке ашуусу керек, Европа жетекчилери да ушул нерсени каалап жатышат. Азыр мына ошондой кадамдын убагы ”, – деди Назарбаев.

Туркистон: 

Албетте, Россияга карата колдонулган санкциялар жана анын ар түрдүү натыйжалары аны менен тыгыз алакада болгон, же ар кандай уюмда аны менен бирге болгон мамлекеттерге да терс таасирин тийгизбей койбойт. Россияга каршы кампаниянын башында турган АКШнын негизги максаттарынын бири да ушул т.а. Россиянын эл аралык саясаттагы позициясын сындыруу.

АКШнын максаты ишке ашып жатканы, эӊ оболу Россиянын айланасындагы ага таянган мамлекеттерге карата анын таасир күчүнүн алсырашы менен көрүнө баштайт. Россияны күтүп жаткан ушул иш жүзөгө чыга турган болсо т.а. ал айланасындагы өзүнө караштуу мамлекеттерди кызыктыра албай турган же коркууда кармап тура албай турган абалда болуп калса, ЕАЭБ жана ага окшогон бир катар ага көз каранды болгон уюмдар чачырап кетишет, же бул уюмдар иш жүзүндө ишмердүүлүктөрүн токтотуп коюуга мажбур болушат.

Назарбаевди тынсыздандырып жаткан проблема Россия үчүн эскертүү маанисинде көтөрүлгөн. Эгерде Россия эл аралык саясаттагы абалын жана ички саясий о.э. экономикалык абалын тикелей албаса, Назарбаев жана башка уюмга мүчө болгон мамлекеттердин режимдери өтө кыйын абалда калышат. Алар Россиянын эл аралык саясатындагы каталарынын натыйжасында, же Путин жана анын режиминин кежирдигинен келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар себептүү  өз жарандарынын нааразылыктарына  дуушар болууну каалашпайт.

Назарбаев да, Путин жүргүзүп жаткан саясий аракеттерге каршы болгон  Россиянын саясий элитасынын салмактуу бир бөлүгү сыяктуу эле, аны Украина маселесинде саясий чегинүүгө чакырып жатат. Аны АКШнын кол астында болууга т.а. эл аралык саясатта ал менен карама-каршы багыт алуудан тыйылууга, андан жетекчилик тизгинин ачык талашуудан баш тартууга, кыскасы азыркы өзүнүн абалынан келип чыгып, эл аралык саясатта жупунураак мамиле кылууга чакырып жатат. Бул Россияны кудум Франция, Германия же Италия сыяктуу мамлекеттердин эл аралык саясаттагы катарынан орун алууга чакыруу деп айтсак болот.

Антпесе, Казакстандын Россия менен ортосундагы жалпы кызыкчылыктарына тийип жаткан зыяндар Назарбаевди тынчсыздандыра баштады. Россия эл аралык саясатка болгон көз караштарындагы өзүнүн бир катар амбицияларын тизгиндеп алышы керек. Эми ал жетекчи мамлекет боло албайт. Себеби, анын өзүнө таандык кудуреттүү идеологиясы жана ушул идеологиядан келип чыгуучу мабдаъсы (системасы) жок.

Демек, Россия өз позициясын аныктап алышы, аныгыраагы учурдагы эл аралык саясаттагы өзүнүн ордун белгилеп алышы керек. Россиянын СССРден мураска калган жасалма позициясы эми кризистин эӊ түбүнө жетип барууда. Россия Путинди бийликтен четтетип болсо да, дүйнө жетекчилигине умтулуучу саясий арзуулардан баш тартып, АКШнын кол астындагы мамлекеттер сабынан орун албаса, аны жана анын айланасындагы мамлекеттерди көптөгөн кыйын күндөр күтүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here