АКШ Саудияга курал -жарак жиберүүнү күчөтөт

253
0

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Энтони Блинкен Йеменде Хусилерге каршы жүргүзүлүп жаткан аскерий операцияга башчылык кылып жаткан Саудияга курал-жарак жеткирип берүүнү күчөткөндүгүн билдирди. Саудия борбору Эр-Рияддагы АКШ элчиканасында чогулуш уюштурган Блинкен Йемендеги аскерий операция боюнча билдирүү берди. Блинкендин айтымында, аскерий операцияга башчылык кылып жаткан Саудия Хусилер жана алардын союздаштарына керектүү сабакты берип койгон.

 “Саудиянын аракеттерине колдоо катары аларга курал-жарак жиберүүнү тездеттик. Разведка маалыматтарын алмашууну да күчөттүк жана операция борборунда кызматташтыкта ылайыктуу план түзүү бөлмөсүн түздүк”, – деди Энтони Блинкен.

О.э. Блинкен Хусилер мамлекеттик башкарууну күч менен ала албастыгына басым жасады.

АКШ коргоо министрлиги болгон Пентагондун маалымат катчысы Стив Уоррен да Блинкендин сөздөрүн тастыктады. Уоррен журналисттерге берген интервьюсунда, АКШ учурда даярдап коюлган буйрутмалар менен бир катарда союздаштарына курал-жарак жана ок-дары менен жардам берүү жөнүндө ойлонуп жаткандыгы туурасында айтып өттү.

Башка бир тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иранды Хусилерди колдоп-кубаттоодон эскертти. АКШнын “PBS” маалымат агенттигине интервью берген Керри Ирандын Хусилерди колдоп жатканы сыр эместигин айтып өттү.

“Йеменде Ирандан келген аскерий жабдыктар бар экендиги анык. Аптасына Йеменге Ирандан бирден ашык самолёт учат”, – деди Керри.

АКШ мамлекеттик катчысынын баса белгилешинче, Ирандын Йеменде туруксуздукту пайда кылуусуна АКШ өкмөтү унчукпай карап турбайт.

Туркистон:

Ушул АКШнын кезектеги эки жүздүү саясатына көӊүл буруӊуз. Бул анын расмий билдирүү менен, түпкүлүгүндө, азыр АКШ менен алакасы начарлап бара жаткан Саудияга карата жасалма мамилеси болсо, экинчи тараптагы Хусийлерди да тымызын колдоп жана аскерий жабдыктар менен камсыздап келе жатат.

Энтонни Блинкендин сөздөрүндө жан бар. Чындыгында эле Хусийлер Йеменди күч менен басып ала алышпайт. АКШ аларды өзү куралдантканы үчүн, алардын мүмкүнчүлүктөрүн да жакшы билет. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жүрүп жаткан бардык жарандык согуштар АКШ же кээ бирлери башка бир чоӊ мамлекеттер тарабынан курал-жарак менен камсыздалат. Себеби, козголоӊчулардын дүйнөнүн аскерий заманбап технологиясы менен атаандаша турган курал чыгаруучу тармактары жок. Демек, ар кандай куралдуу аракеттер чоӊ жетекчи куфр мамлекеттери көзөмөлү астындагы бирер тармак аркылуу же түздөн-түз алардын өздөрү тарабынан камсыздалышат. Башкача жол азырынча жок. Кээ бир куфр сунуштап жаткан куралдар, ал тургай атайын спутниктер аркылуу көзөмөл жабдыктары менен сунушталат.

Саудия булардын бардыгынан кабардар. Ал тургай ал Йемендеги Хусийлер проблемасы куфр тарабынан даярдалып жаткан шиъа-суний проблемасы үчүн бир чөйрө экендигин да түшүнүп турат. Ушулардын бардыгынын артында АКШ турганын да билет. Бул жердеги проблема, Саудиянын нефть казып алына турган негизги региондорунда жашаган жарандар негизинен шиълардан турат. Демек, Саудия королдугу АКШнын кандайдыр тузагына илинип барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here