Түркиянын (израил)ге товар экспорту көбөйдү

2324
0

Түркиянын (израил)ге товар экспорту көбөйдү

Газада жөөт армиясынын кыргындары уланып жаткан чакта, Түркиянын (израил)ге товар экспорту көбөйдү. Түркиянын Соода министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, Түркиядан (израил)ге февраль айында жасаган экспорттун көлөмү 422 млн 257 миң долларды түздү. Бул көлөм январь айында 349 млн 650 миң доллар болгон. Мунун каршысында, Түркия өкмөтүнүн Палестинага товар экспорту болгону 14 млн 938 миң долларды түздү.

Түркия калкынын “(израил) менен болгон соода – Палестинага кыянаттык” деген кайрылууларына карабай, фераль айында (израил) Түркия эң көп товар экспорт кылган 13 өлкөнүн тизмесине кирди. Соода министрлигинин маалыматында айтылышынча, Түркиядан (израил)ге төмөнкү товарлар эң көп экспорттолгон:

-Моторлуу транспорттор, трактор, велосипед, мотоцикл жана башка транспорт тетиктери;

-Пластик жана андан жасалган буюмдар;

-Темир жана болот;

-Электр машина жана буюмдар, үн жаздыруучу техникалар жана аксессуарлар;

-механикалык аспаптар, ядролук реакторлор, алардын тетиктери жана кошумча жабдуулары;

-темир жана болоттон жасалган буюмдар;

-курал-жарак жана ок дарылар, алардын тетиктери.

Жалпысынан Түркиядан (израил)ге күн сайын 8 кеме жиберилип жатат. Эксперттердин айтымында, Түркияда өткөн жергиликтүү шайлоодо бийликтеги партиянын жеңилүүсүнө түрткү болгон себептердин негизгиси, Газадагы кыргынга карабай, дал ушул (израил) менен болгон алакалардын активдүү уланып жатышы болгон.

Түпкүлүгүндө, Түркиянын (израил) менен болгон соода жана дипломатиялык алакалары анык арам иш. Ханафий мазхабынын улуу факихтеринен болгон Маргуланий айткан:

“Согуштук абалда болгон калкка курал жана курал жасалуучу чийки заттар сатылбайт, азык-түлүк да жиберилбейт. Анткени, Набий (с.а.в) мындан кайтарган” (Иная, V, 461).

Бул жерде жеке компания болобу, мамлекеттик компания болобу, айырмасыз, жетекчи аны көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени, жетекчи кол астындагылардан жоопкер. Факихтер бул сыяктуу эмгектерин медреселерде окутуу үчүн эле эмес, жетекчилер шарий өкүмгө амал кылышы үчүн чыгарышкан.

Демек, Түркия бийлигине жүктөлгөн шарий өкүм: бардык алакаларды токтотуп, казармаларда сактап жаткан армияларды – Америка кызыкчылыгы үчүн Ирак жана Сирияга жөнөтүүнүн ордуна – Газаны коргоо үчүн сапарбар кылуу болуп эсептелет. Анткени, күчкө каршы күч, армияга каршы армия коюлбаса, бул кыргындар токтобойт.

Аллах Таала айтат: “(Эй момундар), силерге эмне болду? Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечараларды азат кылуу жолунда согуш кылбай жатасыңар?!” [Ниса: 75].

Андыктан, мусулмандардын алгачкы кыбыласы, Пайгамбар (с.а.в.)дын Исро жана Мираж мекени болгон Палестинаны таштап, бул баскынчыларга достук мамиле кылуу жайиз эмес! Алар бүгүнкү күндөгү мусулман жетекчилеринин коркоктугунан илхам алып, кылмыштарын дагы да күчөтүшүүдө.

Эй мусулман жетекчилери! Силер кыла турган иш – баскынчылар жана кан төгүүчүлөр менен алака орнотуу эмес, аларды жерлерибизден кубалап салуу! Алар менен кызматташтыкты, соода байланышты күчөтүү эмес, токтотуу! Алар менен диалог түзүү эмес, аларга каршы армияларды аттандыруу!

Эй мусулмандар! Куддус маселеси ал жерге Америка кызыкчылыгындагы эки мамлекетти пайда кылуу менен чечилбейт! Куддус маселеси «Куддус баскынчылар колунда болгон чакта бизге күлүү арам болсун!» деген Салахуддин сыяктуу жетекчилердин колу менен чечилет! Куддус каапырлардын жанынан аброй күткөн жетекчилер менен эмес, «Исламдан башка жерден аброй издесек Аллах бизди шерменде кылат» деген Умар (р.а) сыяктуу рошид халифа аркылуу куткарылат! Я Аллахым, Исламга жана мусулмандарга нусратыңды жакын кыл! Палестинадагы, бүткүл дүйнөдөгү зулум чегип жаткан мусулмандарга калкан боло турган Рошид Халифалык мамлекетин бизге насип эт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here