Афганистан президенти Ашраф Гани АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана АКШ коргоо министри Эштон Картер менен жолугушуп жаңы аскерий жардам убадасына жетишти. Кабарларда келишинче, убадага ылайык АКШ Афганистандагы 352 миӊ афган аскерин 2017-жылга чейин каражат менен камсыздайт.
Афганистан президенти Ашраф Гани менен премьер-министр Абдулла Абдулла АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана коргоо министри Эштон Картер менен Кэмп-Дэвид штабында жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуудан кийин журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында Эштон Картер 2017-жылга чейин 352 миң афган армиясы АКШ өкмөтү тарабынан каражат менен камсыздалышын жана бул ишке өздөрүнүн мойнундагы милдет катары каралышын билдирди.
Афганистан президенти Ашраф Гани уккандарына ушунчалык курсант экендигин айтып, бул өтө чоӊ колдоп-кубаттоо маанисин түшүндүрө тургандыгын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Афганистанды коопсуздук жана тынчтык менен камсыздоо, ошону менен бир катарда афган коомунун бейпилдигин бекемдөө эки мамлекет алакаларынын негизи экендигине ишара кылды.
Ушул жылдын ичинде Кабулга сапар кылышын билдирген Керри эки мамлекеттин алакаларын дагы да өнүктүрүүгө каратылган аракеттерге басым жасады. Ушул көз караштан келип чыгып, Керри Афганистан өкмөтү реформалар күн тартибине киргизиши үчүн жаңы бир өнүгүү демилгесин иштеп чыга тургандыгын айтып өттү.
“Бул демилге АКШ-Афганистан алакаларынын стратегиялык маанилүүлүгүн чагылдырат. Мамлекеттерибиз ортосундагы жаңы бир кызматташтык доорун сүрөттөп берет”, – деди Керри.
Керри 800 миллион долларлык жардам курамынан орун алган жаңы демилге Афганистан өкмөтүнүн өнүгүү долбоору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылууда маанилүү роль ойношун айтты.
Афганистандагы АКШ күчтөрү боюнча берилген суроого жооп берген Керри АКШнын Афганистандагы аскерий миссиясы 2014-жылда аяктагандыгын жана аскерлер саны 10 миңге азайтылгандыгын айтып өттү. Бирок Керринин айтымында, афган армиясын аскерий машыгуудан өткөрүү милдети уланат.
Туркистон:
АКШнын бул миссиясы Афганистанды региондо жаңы согуштарга даярдоо максатында көтөрүп чыгылган. Өздөрүн өлтүрүп жаткандардын колунда иттей кызмат кылууга ыраазы болушу үчүн афган калкы жасалма жол менен жакырчылыкта кармап турулушу керек болот. Демек, Афган калкынын башында турган сыноо көтөрүлө элек. Тескерисинче, аны жаңы сыноолор күтүп жатат.
АКШ Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө акчага мусулмандарды сатып алуу менен өзү алардын артына өтүп алып, Афганистанда өз армиялары менен жетише албаган утуштарга эми мусулман армиялары жардамында жетишмекчи болот.
Афганистанда эле эмес, тескерисинче, анын айланасындагы мамлекеттерге карата жүргүзүп жаткан саясий басымдарда да ушундай кылмакчы болууда. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Иран, Пакистан, Кытай жана башка өлкөлөргө басым өткөрө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. АКШ Афганистанды басып алды, бирок ээлей албады, демек, аны ал башка жолдор менен моюн сундурушу керек. Демек, ал стратегиясын дагы өзгөртө баштады. Аны өз калкы жардамында, кудум илгери СССРдин армиясын Афганистандан жергиликтүү калктын жардамында кууп чыкканы сыяктуу, эми бүтүндөй Афганистанды өз калкы ичиндеги бир нече бири-бирине карама-каршы көз караштагы мусулман согушкер уруу жана жамааттардан тазаламакчы болот. Эгерде бул өкмөт көзөмөлү астындагы аскерий кубат региондо салмактуу аймакты көзөмөлгө алса, АКШ өз кызыкчылыгына ылайык, Орто Азия өлкөлөрүнө басым өткөрө ала турган жападан-жалгыз күчкө айланат. Россия сыяктуу мамлекеттер Афганистандагы таасир өткөрүшү мүмкүн болгон бардык күчтөрүнөн айрылат.
Бирок, АКШнын долбоорлору Афганистанда ар дайым акырында жокко чыгып келет. Талибан менен жолугушууну каалап, канчалык акча убада кылып, ал тургай, акча жумшап да алып барган аракеттеринин бири да ишке ашпаганы, СССР аскерлерин кууп чыгаргандан кийин Талибанды көзөмөлүндө кармап кала албаганы, бул өлкөнү эми да көзөмөлүнө ала албастыгын билдирет.
Жогорудагы келишим долбоорунун өзү айланадагы мамлекеттерди сергек болууга үндөйт. Алар бул долбоордун кокустан ишке ашып кетишинен коркушуп, АКШга болгон мамилелерин өзгөртө башташы мүмкүн. Себеби, бул долбоор теориялык болсо да ондогон жылдарды өз ичине алат. Демек, АКШнын бул аскерлерди кармап турууга жумшап жаткан акчалары бирер максатка жетишүүдөн мурда натыйжа бере башташы мүмкүн.