Саудия генералы: Чабуул максатка жетишкенге чейин уланат

455
0

Сауд Арабиясы жана анын региондогу союздаштары шаршемби күнү кечинде Йеменге карата аскерий операция башташкан эле. Аскерий операцияда Иран тарабынан колдоого алынып  жаткан Хусилер көзөмөлү астындагы Сана шаары абадан бутага алынды. Саудиянын билдиришинче, бул чабуул Йемендин мыйзамдуу президенти Абдурробби Мансур Хадинин талабы менен ишке ашырылууда.

Саудия коргоо министрлигинин маалымат катчысы Генерал Ахмад Хасан Асири, Йеменге карата башталган аба чабуулу максатка жетишкенге чейин уланышын билдирди. Ушул кезде кургакта операция жүргүзүү планы жоктугун билдирген генерал: “Эгерде зарылдык пайда болсо, биз даярбыз”, – деди.

Генерал Ахмаддын айтымында, аскерий операциядан көздөлгөн максат Йемендеги мыйзамдуу өкмөттү кайрадан тикелөө, мамлекет башчы Абдурробби Мансур Хадини мамлекеттин мыйзамдуу президенти катары бийликке кайра алып келүү, региондо коопсуздук жана туруктуулукту жаӊыдан жолго салуу. Генерал Ахмад Йемендин кызыкчылыгына жана туруктуулугуна зыян жеткире турган көрүнүштө Хусилерге жардам беришине эч кимге жол бербестигин да кошумчалады.

Иран өкмөтү Саудиянын Йеменге кылган чабуулун катуу сындап, чабуулдар тезинен токтотулушун талап кылууда. Иран тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Марзия Афхам аскерий аралашуу кырдаалды ого бетер курчутушун жана кризистин башка региондорго да жайылышына себеп болушун о.э. проблеманын тынчтык жолу менен чечилиши мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара тургандыгын билдирди. Ирандык депутат Алоуддин Буружерди да “Саудия Йеменде жаккан согуш оту бүтүндөй регионго жайылат” деди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Араб мамлекеттери тарабынан уюштурулган аскерий операциянын алкагында ишке ашырылган аба чабуулдарында Йемен борбору Сана жана Саба шаарларындагы Хусилерге жана мурдагы президент Али Абдуллах Солих режими тарапкерлерине караштуу стратегиялык чекиттер бутага алынган.

Күбөлөрдүн билдиришинче, абадан болгон чабуулдарда “Ас-Сабаа” лагери да бомбаланган. Мурдагы президент Али Абдуллах Солихтин уулу Ахмад Али Абдуллах Солихтин көзөмөлү астында болгон бул лагерде көпчүлүгү Америка тарабынан Йемен армиясын колдоо үчун жиберилген заманбап куралдар сакталгандыгы айтылууда. Күбөлөрдүн айтымында, атайын күчтөрдүн лагерлери о.э. Сананын түштүгүндө жана батышында жайгашкан аскерий чекиттер да чабуулга дуушар болушкан.

Ошол эле убакта Ансаруллах кыймылынын борбору болуп эсептелген түндүктөгү Саба шаарына караштуу Каттаф шаарында жайгашкан 131 лагер да бомбалангандыгы кабарланууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here