“Газпром” Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоого убада берди

313
0

КирТАГ”дын кабар беришинче, “Газпром Кыргызстан” Өзбекстандын “Узтрансгаз” компаниясы менен 2015-жылдын аягына чейин келишим түздү.

 Келишимге ылайык, Өзбекстан газын Кыргызстанга арзаныраак баада сата турган болду. Мурда “Кыргызгаз” ишканасы өзбек газынын 1 куб метрин 278-295 доллардан сатып алган болсо, эми “Газпром Кыргызстан” 195 доллардан алат.

 Россиянын “Газпром” компаниясы “Кыргызгаз”ды символдук баага т.а. 1 долларга сатып алып, 2014-жылдын 10-апрелинен баштап анын кожоюнуна айланган эле. 14-апрель күнү болсо Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп койду, муну “мурдагы келишим мөөнөтү аяктагындыгына жана ишкана ээсинин өзгөргөнүнө байланыштуу токтотулду” деп түшүндүрдү.

 Кыргызстан түштүгү 2014-жылдын декабрына чейин т.а. “Газпром” Өзбекстан тарабы менен келишим түзүүгө жетишкенге чейин газы жок калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here