Бурсада аялдар конференциясы өткөрүлдү

300
0

Түркияда активдүү аракет кылып  жаткан Хизбут-Тахрир уюмунун аялдар бөлүмү “Халифалыкты кайрадан тикелөө” жумалыгында аялдарга таандык конференция уюштурду.  Бурса шаарында уюштурулган “Халифалык кулагандыгы себептүү кризиске жүздөнгөн коомдун кайрадан бутка турушу бир гана Халифалык аркылуу ишке ашат” деген аталыштагы конференция Зохида Четинбудак окуган Куран кырааты менен башталды. Халифалыктын кандай кулатылгандыгы жана анын фарздыгы туурасында көрсөтүлгөн документалдуу фильмден кийин Даря Озер “Халифалык жоктугунун кайгылары” деген аталыштагы ырын окуп берди.

Андан кийин сөзгө чыккан Гурбат Арат өз сөзүндө Халифалыктын Ислам дүйнөсүндө ээлеген орду, Халифалык кулагандан кийин мусулмандардын кандай кордуктарга дуушар болгондугу туурасында сөз кылды. Ал муслима аял катары саясий жана социалдык жетишпестиктер жөнүндө да талкуу кылды.

Араттын баса белгилешинче, Халифалыксыз Ислам өкүмдөрүн турмушка ашыруунун таптакыр мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептен улам мусулмандар кайсы жерде болушуна карабастан, Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек.

Айрыкча, Исламдан алыс болгон бир кезде аял болуу ушунчалык оор экендигине басым жасаган Арат айым аялдар башынан өткөрүп жаткан акыйкатсыздыктар жана зулумдар күндөн-күнгө күчөп бара жатканына карабастан, мамлекет бул жаатта кайдыгер болуп жаткандыгын айтып өттү.

Мусулмандарды мурунку азиздигине кайтара турган Халифалыктын жаӊыдан тикеленишине үмүт ойготуп, кайраттын ого бетер күчөшүнө себеп болгон конференция Зохида Четинбудактын таасирдүү дубасы менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here