Америка элчиси Атамбаевди АКШга чакырды

236
0

  Вице-премьер Абдрахман Маматалиев 12-март күнү АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзды кабыл алды. Мурда кабар берилгендей, Ричард Майлз февраль айында АКШ өкмөтү туруктуу элчи дайындаганга чейин Кыргызстанга убактылуу элчи болуп дайындалган эле.

 Өкмөттүн маалымат кызматынын кабар беришинче, Маматалиев Ричард Майлзды жаңы кызматка дайындалганы менен куттуктап, Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

 Маматалиев: “Сизге белгилүү болгондой, Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык ар дайым активдүү жана оӊ мүнөзгө ээ экендиги менен айырмаланып турган. Бизде көптөгөн программалар, ошону менен бирге, коргоо жана коопсуздук, аскерий-техникалык тармактагы долбоорлор о.э. терроризм жана наркотикалык заттар соодасына каршы күрөшүү боюнча долбоорлор бар. Бизге ушундай тажрыйбалуу элчи келген соӊ алакаларыбыздын жаңы доору башталат деп ойлоймун”, – деди.

 Өз кезегинде Ричард Майлз орнотулган кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирип, терроризмге каршы күрөш боюнча февраль айында Вашингтондо болуп өткөн саммитте кыргыз делегациясы да катышкандыгына канааттангандыгын айтып өттү.

 О.э. алдыда боло турган БУУ ассамблеясы жыйынында АКШ президенти Барак Обама Вашигтондогу саммитте катышкан мамлекеттер менен чакан конференция өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын айтып, Атамбаев да жогорудагы конференцияга катышат деп үмүттөнүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, бул АКШ президенти менен жолугушуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болмокчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here