Путин туурасындагы суроого жооп

312
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Туркистон сайтындагы боордоштор. Аллах сиздерден ыраазы болсун. Сиздерге бүгүн дагы бир  шектүү кабар боюнча суроо бермекчимин. Бүгүнкү күндө ММКлардын дээрлик бардыгы куфр кызыкчылыктары жолунда кызмат кылгандыгы себептүү Үммөт бул ММКлардагы кабарлардын чын же жалган экендигин ажыратуудан кыйналып жатат. Мындай абал үммөт өкүлдөрүн Расулуллах С.А.В тарыйкатын туура ээрчип аракет кылып жаткан Исламий саясий хизбге т.а. Хизбут-Тахрирге кайрылууга үндөп жатат. Ушундай суроолордун дагы бири Россия президенти Путин туурасындагы суроо болду. Бул кабарды бир нече сайттар астейдил таркатышууда. Алардын бири төмөнкү сайт:

https://www.islamjolu.kg/index.php/news2/d-jn-l-k-zha-ylyktar/item/2375-putin-islamdy-kabyl-aldyby

Кызык жери, кабарда жакында “ИШИМ”ден делегаттар келиши айтылган. Эгерде чындап эле Путин Исламды кабыл алган бoлсо да “ИШИМ“ менен кызматташа турган болсо Россияда да такфирчилик өкүм сүрүшү мүмкүнбү? Же максат Шамда экинчи Рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан топторго каршы өз ара күрөш майданын кеӊейтүүбү?

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва баракотух.

Жооп:

Путиндин Ислам динин кабыл алышы туурасындагы кабар, бул Ислам дини дүйнөдөгү эл аралык саясий чөйрөдө өзүнүн тарыйкаты менен табигый даражасына жетишип бара жатканынан кабар берет. Эгерде бул кабар туура эмес болсо да айырмасы жок, Ислам бир улуу мамлекеттин жетекчиси үчүн аброй алып келиши мүмкүн экендиги далилденди. Демек, Ислам дини куфр маалымат каражаттары канчалык аракет кылышпасын, куфр дүйнөсүн саясий жактан ээлеп болгонун өздөрү далилдеп беришти.

 Путиндин мусулман болушу Россия мамлекетин башкарып келе жаткан саясий чөйрөнү бүтүндөй өзгөртүп жибере албайт. “Ислам Мамлекети” уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу, же башка исламий кыймылдар менен кызматташтыгы да ушул саясий чөйрө өкүлдөрүнүн жана Россия мамлекетинин кызыкчылыктарына ылайык жүргүзүлөт.

Путиндин мусулман болушу болсо, эгерде чын болсо, жеке өзүнүн ыктыярынан келип чыккан болушу мүмкүн же бирер саясий кызыкчылыкты көздөгөндүгүнөн болушу да мүмкүн. Аллах хидаяттаган болсо ажеп эмес. Бирок, Путин чыныгы момун мусулман болгондо да, Россия азыркы абалында калат. Ал “такфир” түшүнүгүн кабыл албайт. Бул Путиндин ыктыярында эмес. Тескерисинче, Путин Россияда калыптанган жетекчи пикир менен эсептешүүгө мажбур. Путин Россияда исламий пикирлерди жетекчи пикирге айландырышы үчүн бир кыйла убакыт керек болот.

Бирок, Россия сыяктуу улуу бир мамлекеттин жетекчиси Исламды кабыл алышы, тарыхий окуя экендигинен тышкары, Батыштын Украинада Россияга каршы жүргүзүп жаткан аракеттерин алсыратат. Себеби, Батыштын кезектеги пландарында, кавказда исламий проблемаларды келтирип чыгаруу аракеттери бар. Путин Ислам динин кабыл алып жиберсе, алардын пландарына өтө чоӊ проблемаларды пайда кылган болот эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here