Атамабаев инвесторлорду кооптонбостукка чакырды

297
0

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Босния жана Герцеговинанын, Дания Королдугунун, Кипр Республикасынын, Бруней мамлекетинин, Фиджи мамлекетинин, Оман султандыгынын, Индонезия республикасынын, Чехия жана Аргентина республикаларынын жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды.

 Алмазбек Атамбаев элчилерди ишмердүүлүгү жаӊы башталып жатканы менен куттуктап, Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташтык, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы алакаларды кеӊейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

 Президент Атамбаев: “Биздин мамлекетте чет элдик инвесторлорду тартууга жана алар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жетишерлик мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар”, – деди.

 О.э. Кыргызстан инвесторлор үчүн толук ишенимдүү экендигин, бул жерде инвесторлорду колдоп-кубаттоо үчүн тийиштүү мыйзамдар кабыл алынгандыгын айтты.

 Туркистон:

Крым аннексия кылып алынышынын артынан АКШ жана Европа мамлекеттери Россияга каршы киргизген санкциялар жана дүйнөлүк базарда нефтинин кескин арзандап кетиши негизинен сырьё экспортуна таянып калган Россия экономикасын оор абалга кептеп койгон болсо, рублдин куну түшүп кетиши мигранттарды кыйын абалга дуушар кылып койду.

  Ошол себептен да Россияда негизинен кара жумуштарды аткарып келе жаткан эмгек мигранттары массалык түрдө кайтып кете башташты. Мунун натыйжасында Борбор Азия республикаларынын жетекчилери алдында дагы бир олуттуу проблема пайда болду. Себеби, кайтып келип жаткан жарандар негизинен үй-бүлөлүү, күч-кубатка толгон жаштар болуп, расмий бийлик аларды жумуш менен камсыздашы, жумуш таап бере албаганда болсо убактылуу жумушсуздук пособиесин төлөп бериши керек болот. Эгерде расмий бийлик аларды жумуш же пособие менен камсыздай албаса натыйжасы кандай болушу баарыбызга белгилүү.

  Ошондуктан да, Атамбаев чет элдик инвестицияларды тарууга умтулууда. Бул болсо, жамгырдан качып, мөндүргө тутулууга барабар. Себеби, чет элдик инвесторлор өздөрү жаткырган каражатты бир нече эсе кылып чыгарып алууга көздөрү жетпесе, бир доллар да инвестиция жаткырышпайт. Бул болсо, Кыргызстандын байлыктарынан чет элдик компания жана мамлекеттер пайдаланышын түшүндүрөт. “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдер буга далил болот.  

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here