Россия Казакстан менен түзгөн аскерий келишимин жаӊылады

255
0

Россия Казакстандан аскерий машыгууларды өткөрүү максатында ижарага алган жерлердин ижарасы үчүн жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу РИА новости маалымат агенттиги кабарлады. Кабарда айтылышынча, Россия өкмөтү Казакстан менен түзүлгөн аскерий машыгууга тиешелүү жерлер ижарасынын келишимин жаңыртууда ижара баасы төмөндөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, Россия 1990-жылдардан баштап Казакстандын Караганда жана Жамбул областтарында аскерий машыгууларды өткөрүү үчүн бир топ жерлерди ижарага алган эле.

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев тарабынан берилген билдирүүдө Казакстандагы аскерий машыгуу өткөрүлө турган “Сари-Шаган” аймагынын ижара баасы төмөндөтүлгөнү билдирилди. Билдирүүгө ылайык, 18 миллион 932 миӊ доллар болуп белгиленген ижара акысы 2016-жылы 16 миллион 276 миӊ долларга төмөндөтүлдү.

Ушул маселе боюнча Россия өкмөтү тарабынан чыгарылган башка бир билдирүүдө айтылышынча, Казакстандагы 929 номерлүү аскерий машыгуу өткөрүлүүчү жерлердин ижарасы 4.454 миллион доллардан 3.081 миллион долларга төмөндөтүлгөн.

Казакстандан аскерий машыгуу өткөрүү максатында ижарага алынган жерлердин ижарасы төмөндөтүлүшүнө тиешелүү кабарлар Россия министрлер башкармалыгынын расмий сайтыда да жарыя кылынды.

Туркистон:

Казакстан Россиянын түштүк дарбазасы болуп эсептелет. Кудум Украина жана Белорусия анын батыш дарбазасы болгону сыяктуу. Бул мамлекеттер Россия үчүн стратегиялык мааниге ээ. АКШ Батыш мамлекеттерин Россияга каршы коюуга жетишти. Натыйжада Россия Украинаны колдон чыгарды. Душмандары өзүнүн дарбазасы алдына келип калышты. Кезек Казакстан жана Белорусияга жетип келди. Россия бул өлкөлөрдү өз таасири астында кармап калуу үчүн канчалык аракет кылып жаткан болсо, бул мамлекеттер да Россиянын сакафий жана экономикалык колониясынан кутулууга олуттуу аракет кылып жатышат. Бирок, азырынча кырдаал Казакстандын Россиядан кутулуп алышына жол бербейт. Россия Казакстандан кудум өзүнүн тышкы коргонуу дубалы катары пайдаланып жаткан болсо, Казакстан да Кыргызстан, Афганистан, Кытай жана Өзбекстан сыяктуу түштүктөгү кошуналары алдында Россиянын аскерий күчүнө муктаж.

Кытай алсыз мамлекеттерди чайнабай жутуп жиберүүгө даяр болгон күчтүү мамлекет. Афганистан ар дайым согуштук абалда турган кооптуу мамлекет. Кыргызстан бир нече чоӊ мамлекеттер ортосунда стратегиялык талаш абалында турган кооптуу мамлекет. Өзбекстан болсо, порох бочкасы сыяктуу, өтө кооптуу болуп,  жарылганда да бүтүндөй Орто Азияны талкалап жибериши мүмкүн болгон стратегиялык мааниси бар мамлекет.

Ошондуктан, Казакстан жакын чектеш кошунасы болгон Россиянын аскерий колониясынан кутулуп чыгуу үчүн олуттуу аракет кыла албайт. Ал болгону Казакстандын түндүк бөлүгүн дээрлик ээлеп алган орус улутунан жана ошол жерлердеги Россиянын күчтүү сакфатынан өтө кабатырда. Бул аймактар Назарбаевге Украинанын бөлүнүп кетишинде негизги ролду ойноп турган Луганск жана Донецк областтарын эстетет. Бул өлкөлөрдөгү Россиянын сакафий таасири жана орус тилдүү улуттардын улуттук туйгулары негизги ролду ойноду. Ошондуктан, Назарбаев өлкөдөгү башкаруу стратегиясын өзгөртүп, эми орус сакафаты негизиндеги элитаны эмес, казак улуттук багытындагы жаңы элитаны көтөрүп чыга баштады. Назарбаев казак улутун бардык улуттар үстүнө алып чыгып, Россиянын Казакстандагы сакафий кубатты сындырып жибермекчи. Ал жакында Орто Азияда башаламандык баштала турган болсо, Россия Казакстандагы өзүнүн сакафаты таасири астындагы элитадан пайдаланып, Казакстан аймагында өзүн коргоо картонун түзүүгө аракет кылышын жакшы билет. Бул болсо, Казакстанды бөлүп жибериши мүмкүн болгон кырсыктуу абалга алып барышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here