Хизбут-Тахрир жигиттеринин кезектеги камакка алынышы

276
0

  “K-News” маалымат кызматы 10-февраль күнү Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысынын маалыматына таянып билдиришинче: “Милиция кызматкерлери Актерек айылында жашаган Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнөн төрт адамды кармаган. кармалгандар 44 жаштагы Талантбек Т., 43 жаштагы Алмазбек А., 45 жаштагы Акылбек К. жана 38 жаштагы Назир Ж. лар. Кармалгандардан 14 китеп, 42 баракча, 9 жазуу дептер, Хизбут-Тахрир экстремисттик уюмунун идеяларын жайылтуучу 4 DVD диск о.э. документи жокИЖ-17” үлгүсүндөгү курал алынган. Бул алынган материалдар укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүлгөн”

Кыргызстан бийлигинин Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясынын мүчөлөрүнө карата болгон терс мамилеси өкмөттүн Ислам жана мусулмандарга ачык душман экендигин билдирет. Бул өкмөт мамлекетти башкаруу тизгинин колдон чыгарбоо максатында оппозициялык күчтөр менен ар түрдүү атаандаштык, жалганчылык жана коррупция баткагына батып калды.

 Бул өкмөттүн өкүлдөрү Аллахтан коркпостон адамдарды алдап мамлекеттин байлыктарын талап-тоноп жатышат, адамдардын жыргалчылыгы жөнүндө ойлонуунун ордуна элди кайгы жана кыйынчылыкка дуушар кылууда. Өкмөт элдин проблемасын кандай чечүү туурасында ойлонбойт, тескерисинче аларды адамдардын үстүнөн башкаруучу кылып койгон өз кожоюндарын кантип ыраазы кылуу туурасында ойлонот. Жаш муунду зыяндуу идеология менен тарбиялап, жаштар арасында атайылап алкоголго жана наркотикалык затка көз карандылыкты күчөтүү аркылуу итааткөй жана алсыз кулдарды пайда кылууда. Мамлекетте жыл сайын наркотикалык заттарды пайдалануу жана спирттик ичимдик таасири астында аварияга учуроо аркылуу миӊдеген адамдар өлүп жатат.

 Элдин арасынан чыккан адамдар бийликтин жамандыгынан жана жаманатты кылуусунан коркпостон чындыкты өкмөттүн бетине ачык айтышса, бул өкмөт элдин эӊ тандалма өкүлдөрүн кылмышкердикте айыптайт. Хизб мүчөлөрү Исламга чакыруу аркылуу, жеке адамдар проблемаларынын Ислам негизиндеги чечимин беришет. Ислам адамдын турмушу, коом жана мамлекет үчүн жарактуу түзүм болуп, турмушта дуушар боло турган ар кандай проблемага чечим берет.

 Хизбут-Тахрир мүчөлөрү Кыргызстан калкынын татыктуу өкүлдөрү, өз перзенттеринин камкор ата-энелери болуп, өз Жаратуучусунун ыраазылыгына жетишүү жолунда адамдар үчүн нажат нуру болгон Исламды көтөрүп чыгышууда. Элге чоочун болгон дүйнөлүк жана улутчулдук идеяларынан адамдарды куткаруу үчүн аракет кылган жигиттер адамдарды Ислам динине негизделген Хизб дастурлары менен тарбиялап, мусулмандардын соо-саламат өкүлдөрүн пайда кылууга умтулушууда. Хизб даъваттарын уккан адамдар проблеманын чечими Исламда экендигин түшүнүп жетишүүдө жана дагы да көбүрөөк Хизбдин максаттарына умтулушууда.

 Бул акыйкат бийликтин кыжырын козгоп жатат. Өз кылмыштарын актоо үчүн өкмөт террорист образын ойлоп тапты, бул – Ислам жана мусулмандар. Хизбдин мүчөлөрүн камоо жана айыптоо аркылуу расмий өкмөт Хизбут-Тахрирдин даъватын токтотууга аракет кылууда. Хизбут-Тахрир пайгамбарлык минхажы негизиндеги исламий турмушту кайрадан баштоо жолунда пикирий жана саясий күрөш жүргүзөт о.э. бул даъват – Аллахтын уруксаты менен – алдындагы ар кандай тосуктарга карабастан өзүнүн максатына жетет.

 Аллах Таала айтат:

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да Өз нурун толо жаюучу».                                                                      [9:32]

 18-февраль 2015-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here