АКШ Афганистандан кошуунун алып чыгууну кийинкиге калтырышы мүмкүн

274
0

  АКШнын жаңы коргоо министри Эштон Картер чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Афганистандан баштады. Картер алдын ала жарыя кылынбаган сапар менен ишемби күнү Афганистанга келген эле.

 Афганистан президенти Ашрф Гани катышуусунда болуп өткөн маалымат жыйынында Картер, АКШ Афганистандагы терроризмге каршы күрөш боюнча жаңы миссиясынын айрым бөлүктөрүн, ошону менен бир катарда, кошуундарды алып чыгып кетүүнү кийинкиге жылдыруу маселесин кайрадан карап чыгып жатканын билдирди.

 Анын айтымында, Афганистан президенти Ашраф Ганинин кийинки айда Вашингтонго боло турган сапары алкагында бул маселе да талкууланат.

 Өз кезегинде Ашраф Гани да, акыркы отуз жыл бою өкүм сүргөн абалга караганда азыр Талибан менен тынчтыкка жетишүү аракеттеринин өнүгүшү жакшы экендигин айтып өттү, а бирок, тафсилаттарга токтолбоду.

 Ашраф Гани АКШ админстрациясы өз кошуундарын алып чыгып кетүү маселесин албетте Афганистан жетекчилиги менен сүйлөшүүсү керектигин айтып, мамлекетте тынчтык жана туруктуулукка жетишүү үчүн афган өкмөтү туура жол менен жүрүп жатканын белгилеп өттү.

 Мамлекеттин борбору Кабулда афган расмийлери жана АКШ аскерий күчтөрүнүн командачылары менен болуп өткөн бир катар жолугушуулардан кийин, Эштон Картер сапарынын экинчи күнү Кандагарга учуп кетти. Мамлекеттин түштүгүндөгү Кандагарда болгон маалында Картер кийинки эки жылдын ичинде АКШ күчтөрүн Афганистандан алып чыгып кетүү боюнча пландарды кайрадан карап чыкты.

 Америкалык аскерлер алдына чыкканда Картер, алардын афган армиясында кеӊешчи катары аткара турган иштери бул – коопсуздук тармагында жетишилген утуштарды бекемдөө үчүн ачкыч экендигин айтып өттү.

 Эштон Картер: “Биз бул нерсе үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү болушун каалайбыз”,- деди

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here