Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт

291
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Казакстан элдик Ассамблеясы президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. 14-февраль күнү Казакстандын элдик Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Анатолий Башмаков Астанада элдик Ассамблеянын кеңешинде ушундай демилге көтөрүп, аны бардык делегаттар колдоп беришкен.

 “Бул иш-чаранын себеби, 2015-жылы дүйнөлүк экономикалык кризистин туу чокусу боло тургандыгы күтүлүүдө. Ошондуктан, бул сунуш өз убагында каралды”,- деп билдирди сенатор Куаныш Султанов.

 Казакстан элдик Ассамблеясынын калкка болгон кайрылуусунда “татаал глобалдык кырдаалды эсепке алган абалда президент Нурсултан Назарбаевге жаӊы жалпы улуттук мандат берүү керектиги” баса белгиленди.

 “Дүйнөлүк дисбаланстардын оор этабында эл башчысы Н.А.Назарбаевге ишеним арттыруу керек, бул биздин мамлекетибиздин масштабдуу модернизациялоо жолун улантууга жана дүйнөдөгү эң күчтүү 30 мамлекеттин арасына кирүүгө түрткү берет”, – деп айтылат документте.

 Мындан тышкары, элдик Ассамблеянын мүчөлөрү 2016-жылы президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүү удаа келип калып жатканын эсепке алган абалда, алардын бири-бирине тоскоол болбостугун жана Конституциялык нормалардын аткарылышын камсыздаган абалда шайлоолорду ар башка өткөрүү максатка ылайык деп эсептешүүдө.

 Эскерте кетсек, 2011-жылы 3-апрелдеги президенттик шайлоо дагы мөөнөтүнөн эрте өткөрүлгөн эле. Анда Назарбаев менен бирге Казакстан Коммунистик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Жамбил Ахметбеков, Казакстан Мекенчилдер партиясынын төрагасы, парламент депутаты Гани Касимов жана «Табигат» экологиялык уюмунун жетекчиси Мэлс Елеусизовдордун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Шайлоонун натыйжасы боюнча Нурсултан Назарбаев 95,55 %, Гани Касимов 1,94 %, Жамбил Ахметбеков  1,36 %, Мэлс Елеусизов 1,15 % добуш алган.

Туркистон:

Назарбаевдин президенттик шайлоону алдыга жылдырышы негизинен бир нерсенин кабарын берет. ЕВРАЗЕС уюмуна мүчө мамлекеттерди оор күндөр күтүп турат.

Элдин жашоо деӊгээли төмөндөйт. Бул Россиянын кризисинде анын тагдырына шерик болууга мажбур болгон уюм мүчөлөрүн күтүп жаткан    дээрлик          кайтпай турган жараян болуп келүүдө. Жарандардын жашоо деӊгээлинин төмөндөшү бир катар нааразылыктарды пайда кылышы анык. Назарбаев бул нааразы күчтөргө каршы аёосуз чараларды көрүшү да анык. Бул болсо, шайлоонун алдында анын элдин алдындагы кадыры кетишине алып барат. Ошондуктан, Назарбаев ал күн келгенде элден бийлик сурай турган абалда болууну каалабайт. Ал керек болсо калкын кырып жибериши мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктө болууну каалайт. Кийинки шайлоого чейин темирдей тартипти дагы да бекемдөөгө жетишүүсү керек. Ошондуктан, ал шайлоону эртелетүүгө аракет кылып жатат. Ал өзүнүн авторитардык режимин ого бетер күчөтмөкчү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here