Россия Минск келишимдерин аткарбастыгын билдирди

388
0

 Белгилүү болгондой, 12-февраль күнү Белорусиянын борбору Минск шаарында Украина, Россия, Франция жана Германия жетекчилери о.э. Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жетекчилери жолугушуп, 16 саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 15-февралдан баштап Донбасста ок атууну токтотууга келишип алышкан эле

 Бирок, жолугушуудан бир күндөн кийин Москва Минск келишимдерин аткарбастыгын расмий түрдө билдирди. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Россия чатакташып жаткан тараптардын бири эмес.

 Песковдун айтымында, Россия жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун кепили гана.

 “Биз мунун иш жүзүндө аткара албайбыз, себеби Россия бул жаӊжалдын катышуучусу эмес”, – деди Песков.

 Көптөгөн далилдер бар экендигине карабастан, расмий Москва Донбасста орус аскерлери бар экендигин четке кагып келет.

 Сенатор Маккейндин билдиришинче, 11-февралдан 12-февралга өткөн түнү Украинанын Россия жактагы чегарасынан 50 танк, 40 ракета комплекси жана 40 брондуу машина өткөн. Анын айтымында, Минск келишимдери Путиндин Украина менен болгон күрөшүн улантышына эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Ошол себептен да Маккейн Украина армиясына аскерий жардам берүүнүн талап кылып келе жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here