Эрдоган: Мурда Обама менен мамилебиз жакшы эле

264
0

Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдоган Латын Америкасына болгон сапарынан кайтып келе жатып, самолётто журналисттердин суроолоруна жооп берди. Президент Эрдоган АКШ президенти Барак Обама менен болгон мамилелери начарлагандыгын билдирди. Эрдогандын билдиришинче, эки президенттин ортосундагы алакалар мурда жакшы болгон, а бирок, кийинки кездерде ортону түшүнүп болбой турган даражада суук аралаган.

“Обама алгач президенттик кызматка келген убакта экөөбүздүн ортобуздагы алака өтө жакшы болчу. Ал тургай – өзүӊөр жакшы билесиӊер – бизди Ак үйдө үй-бүлөлүк мейман кылышат эле. Бир нече жыйындарды биргеликте өткөрдүк. А бирок, ал жолугушуулардан кийин ортодогу мамиле түшүнүп болбой турган даражада өзгөрө баштады”, – деди Эрдоган.

Эрдоган Мексикада жүргөн кезинде, АКШ президенти Барак Обаманы Түндүк Каролинада үч мусулмандын өлтүрүлүшүнө карата билдирүү бербегендикте айыптаган эле.

Президент Эрдоган АКШ президенти Обаманы жана анын админстрациясын сындап: “Эгерде мындай окуяда силер сүкүт сактай турган болсоӊор, силерге да дүйнө жүзү сүкүт сактайт”, – деп айткан эле.

Журналисттер ушул маселе боюнча да Эрдоганга суроо беришти. Эрдоган буга жооп иретинде: “Эмне болгонунан кабарым бар эле. Обамага карата катуу же жумшак сөз болду деп айтышыӊар мүмкүн. Ал жагы силерге калат. А бирок, бир окуя жүз берсе мен кайрыла турган адам ошол мамлекеттин президенти болот. Менин кайрылуум мына ошолорго каратылган. Эгерде бул иштер биздин мамлекетте жүз берген болсо  биз унчукпастан карап турбайт элек. Бир нече мисалдарды келтиришим мүмкүн. Мисалы, элчиканага чабуул кылынганда мамилебизди билдирдик. “Ынкылаптык азаттык элдик партиясы фронту” туурасындагы бардык изденүү натыйжаларын АКШ менен бөлүштүк. Стратегиялык кызматташтык ушуну талап кылат. Биз да алардан кудум ушундай нерсени күтөбүз”, – деди Түркия президенти.

Айта кетүүчү нерсе, Эрдогандын сынынан кийин АКШ президенти Обама Түндүк Каролинада үч мусулман өлтүрүлгөнү туурасында билдирүү берип, ишке ашырылган кылмышты жырткычтык жана төмөндүк деп атады.

Туркистон

Эрдоган өзүн ачык бир акыйкатты түшүнө албагандай кылып көрсөтүүдө. АКШ сыяктуу мамлекеттер башка мамлекеттердин ички иштерине аралашууга гана үйрөнүшкөн. Өздөрүнүн ички иштерине башка мамлекеттер президенттеринин аралашуусун жактырышпайт. Эрдоган өз ордун билип жүрбөсө, мурдагы Гүл сыяктуу таасирсиз президентке айланып калышы мүмкүн. Кордукту кабыл алдыӊбы, демек, анын артынан келе турган балээ жана кырсыктарды да туура кабыл ал. Ал тургай, Францияда алар менен кол кармашып мусулмандарга каршы демонстрацияга чыгышыӊар да, силерди алардын сабына киргизе албайт. Болгону диниӊерден ачык баш тартуу менен гана алардын бирине айлана аласыӊар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here