“Пайгамбарыбыз биздин намысыбыз”

311
0

Франциянын “Charlie Hepdo” журналынын Расулуллах с.а.в.ды карикатура кылышы бүт дүйнөдөгү мусулмандардын өз пайгамбарынын шаанисин коргоо үчүн бутка турушуна түрткү болду. Расулуллах с.а.в.ды өзүнөн да, ата-энесинен да жакшы көрө турган калыс мусулмандар дүйнө жүзүнүн бардык жерлеринде демонстрацияга чыгышты.

“Charlie Hepdo” журналы тарабынан карикатуралардын кайрадан басылышынын жана Түркияда чыгуучу республика газетасы да бул карикатураларды басып чыгарууга киришкендигинин артынан Хизбут-Тахрир башчылыгында Түркиянын бир нече шаарларында демонстрациялар уюштурулду.

Демонстрация маалында Хизбут-Тахрирдин активисттеринин бири Билал Ертем билдирүү берип, демократиянын чыныгы жүзүн мусулмандарга ачып берди.

Билал Ертем билдирүүсүндө: “Эй мусулмандар! Бизге тыгыштырууга урунуп жаткан демократиянын чыныгы жүзү ушул. Демократия – бул Пайгамбарыбызга каратылган акааратты жылмаюу менен кабыл алуу. Батыш Расулуллах с.а.в.га кылынган акааратты демократиялык акы-укук катары кабыл алышыбызды каалап жатат. Батыш Пайгамбарыбызды шылдыӊдаган карикатураларга ыраазылык билдиришибизди каалап жатат”, – деди.

О.э. Билал Ертем үммөт жетекчилеринин абалына да комментарий берип өттү.

“Албетте, Мухаммад с.а.в.дын үммөтү бул акааратка ыраазы болбоду жана мындан кийин да ыраазы болбойт. Үммөт Расулуллах с.а.в.ды коргоону улантат. А бирок, үммөттүн башындагы жетекчилерчи, алар эмне кылышты? Алар кимдин таламын талашып, кимди коргошту? Өзүӊөр көрүп, күбө болдуӊар го! Алар Пайгамбарыбыз с.а.в.дын аброюн коргошподу. Тескерисинче, Расулуллах с.а.в.ды карикатура кылгандардын жана аларды колдоп-кубаттагандардын тарабында болушту. Үммөттүн башында турган жетекчилер Пайгамбарыбыз с.а.в.ды акаарат кылгандарды тыйып коюшу керек болчу. Бирок, алар мусулмандарды аёосуз кыргын кылган канкорлор менен кол кармашып, террорго (Исламга) каршы демонстрацияга катышышты. Мен  аларга төмөнкүдөй суроо менен кайрыламын:

Франция Алжир менен Малиде мусулмандарды кыргын кылып, кандарын төгүп, мал-дүйнөлөрүн талап-тоноп жана муслималардын намысына кол салып жатканда силер кайда элеӊер? Эй жетекчилер, Франциянын терроруна да каршы кол кармашып алып демонстрация өткөрдүӊөрбү?

Билал Эртем билдирүүсүн аяктап жатып: “Бүт дүйнө жүзү жакшы билип койсун, Ислам Үммөтү бутка тура баштады. Рошид Халифалыктын тикелениши убакыт маселеси болуп калды. Халифалык мамлекети кайрадан тикеленгенде Абдулхамид сыяктуу халифаларыбыз да кайтып келет жана Аллахтын Расулун шылдыӊ кылгандарга татыктуу жообун берет”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here