2014-жыл, 23-декабрь күнү Москвада болуп өткөн Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Евразия экономикалык аймагына кошулушу туурасындагы документке президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. О.э. 2015-жылдын май айына чейин Кыргызстан бул биримдикке толук кандуу мүчө болуп кириши белгилүү болгон.
Кыргызстан ошол биримдикке мүчө болуп киргенден кийин, Кыргызстандын кошуна мамлекеттер менен болгон чегарасы Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чегаралары болуп эсептеле баштайт. Ошол себептен улам, Россия Кыргызстанга чегараларды бекемдөө үчүн каражат жана техника жагынан жардам берүүнү убада кылган эле.
Мамлекеттик Чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшенбиевдин 26-январь күнү Баткен жана Ош областтарына болгон сапары маалында көтөрүлгөн негизги маселелердин бири, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларын бекемдөө болду.
Дүйшенбиев бул сапардын алкагында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин, укук коргоо органдарынын жана коопсуздук мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйында чегарачылардын жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү менен кызматташуу маселелери о.э. чегара коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоодогу биргелешкен иш-чаралар талкууланды.
Туркистон:
Евразия экономикалык кеңешинин ар бир аракети Россиянын кызыкчылыктарынан келип чыгып белгиленет. Чегара маселеси да мындан тышкары эмес. Путиндин Өзбекстанга болгон акыркы сапары маалында, анын өзү Евразия экономикалык биримдигинин атынан “эркин экономикалык аймак” деген аталыштагы жаӊы бир түшүнүк кабыл алды. Бул Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерин Россия менен болгон мамилелеринде бир аз сезгич болууга мажбур кылат. Себеби, бул уюм Россиянын кызыкчылыктарынан гана таасирленет.
Акыркы кездерде куфрдун маалымат борбору исламий терроризм коркунучу күчөп жатканын таркатууга бар болгон күчүн жумшай баштады. Бул нерсе Кыргызстанды, алсыздыгын сезүү менен, тышкы күчтөргө жалтактоого үндөйт. Себеби, ал Афганистан жана Тажикстан менен болгон чегараларын өзүнүн аскерий кубаты менен кайтара албайт. Өзбекстан болсо, Кыргызстан Орто Азиянын стратегиялык чекити болуп калганынан тынчсыздана баштады жана ал да АКШнын эски техникаларын сатып ала баштады. Өзбекстандын АКШ тарапка ыктай бериши, Россияны Кыргызстанга курал-жарак берүүнү улантууга үндөйт. Бул болсо, региондогу мамлекеттер аралык чыр-чатактар күчөшүнө себеп болот.
Демек, учурдагы куфр атамаларынын болгон “исламофобия” түшүнүктөрүн өнүктүрүп, бир нече кызыкчылыктарды жүзөгө чыгарышмакчы. Биринчиси, Ислам үммөтүн бир нече бөлүктөргө бөлүү. Радикалдык, улуттук багыттарда жана мазхабдар аралык Шийалар менен Суннийлер ортосунда чыр-чатакты пайда кылуу. Экинчиси болсо, Орто Азия мамлекеттерин куралдантууну күчөтүү аркылуу, бир күнү жарылышы анык болгон порох бочкасын пайда кылып коюу.