Сирия оппозициясы Москвага келүүгө ыраазы болду

368
0

 “ТАСС” маалымат агенттигинин өз булагына таянып кабар беришинче, Сирия оппозициясы жана ынкылаптык күчтөр улуттук коалициясынан тышкары дээрлик бардык оппозициялык жетекчилер Москвада боло турган сириялыктардын өз ара сүйлөшүүлөрүндө катышууга ыраазылык беришкен.

 Кабарда: “Стамбулда жайгашкан Улуттук коалициядан тышкары бардык Сирия оппозициясы Москванын сунушуна кызыгуу менен жооп кайтарышты”, – деп айтылат.

 Москвада болуп өтүүчү сириялыктардын өз ара сүйлөшүүлөрүндө Сирия өкмөтүнүн делегациясына Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жафарий башчылык кылат. Кабарда келишинче, өкмөттүк делегация сүйлөшүүлөргө 28-январь күнү кошулат.

 Туркистон:

Төрт жылдан бери Сирияда уланып жаткан куралдуу кагышуулардын натыйжасында 200 миӊден ашуун адам курман болуп, миллиондогон адамдар үй-жайларын таштап кетүүгө мажбур болушту. Бул күрөш төрт жылдын ичинде Башар Асад менен оппозиция ортосундагы күрөштөн Ислам жана куфр ортосундагы күрөшкө айланууга жетишти.

 АКШнын демилгеси менен өткөн жылдарда уюштурулган “Женева-1” жана “Женева-2” конференцияларында дал ушул Сирия улуттук коалициясы алдын ала эч кандай шарттарды койбостон катышууга ыраазы болгон, калган оппозиция жетекчилери болсо бул конференцияга кызыгуу билдиришпеген эле.

 Россиянын демилгеси менен уюштурулуп жаткан Москва сүйлөшүүлөрүндө болсо Сирия оппозициясы жана ынкылаптык күчтөр улуттук коалициясы катышуудан баш тартышы кезектеги айла-амал болуп эсептелет. О.э. колонизатор күчтөр бул проблемага чечим тапканча убакыттан утуу үчүн болуп жаткан кезектеги аракет экендиги белгилүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here