НАТО РОССИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КАЙРАДАН ТИКЕЛӨӨНҮ ЧЕТКЕ КАКТЫ

298
0

НАТОнун башкы катчысы Андрес Фог Расмуссен альянска мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен болуп өткөн жолугушуудан кийин, НАТО Россия менен амалий кызматташтык кылышын токтотуп туруу мөөнөтүн узартууга токтом кылгандыгын маалымдады. Анын айтымында, НАТО Россиянын иш-аракеттеринде өзгөрүштү сезбей жатат о.э. НАТОдо Москва менен аскерий жана жарандык кызматташтыкты четке кагуу саясатын улантуудан башка жол калбай жатат.

Жыйындын алдында башкы катчы НАТОнун мындан кийинки пландары жөнүндө айтып өткөн эле. НАТО жаңы, максаттуу каражаттар жардамында Украина армиясынын аскерий жөндөмүн күчөтүү, Грузия менен мамилелерин өнүктүрүүгө ири каражат ажыратуу о.э. 2016-жылга барып Черногорияны курамына кошуп алуу ниетинде экендигин билдирди. Эӊ негизгиси, НАТО үчүнчү мамлекеттердин пикирлерин этибарга албастан жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу укугун өзүндө калтырат.

НАТО Россия менен аскерий жана жарандык жактан кызматташууну токтотушу жөнүндө үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде кабарлаган, а бирок, ошону менен бирге сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн Россия-НАТО кеңеши жыйынын уланта тургандыгын билдирген болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here