Американы студенттердин Палестинаны колдоо акциясы силкинтүүдө

307
0

Американы студенттердин Палестинаны колдоо акциясы силкинтүүдө

Колумбия университетинде башталган студенттердин палестиндерди коргоо акциясы Американын дээрлик бардык жогорку окуу жайларына жайылды. Аларды таркатуу үчүн полиция аралашып, жүздөгөн адам камакка алынды. Арасында профессор, мугалимдер да бар. Акциялардан улам айрым окуу жайларда сабактар онлайн форматка өттү, башкалары бүтүрүү кечелерин өткөрүүдөн баш тартты. Дүйнөгө белгилүү Гарвард, Йель, Тафт баштаган университеттердин студенттери чатырларды тигип, Газаны колдогон ураандарын али да улантып жатышат. Студенттер окуу жайдын жетекчилигин “израил”ге байланышы бар компанияларга инвестиция салууну жана палестиндерди коргоп чыккан студенттерге дисциплинардык чара көрүүнү токтотууга чакырышууда. Алар окуу жайлардан “израил”ге курал жеткирген же соода жүргүзгөн компаниялардагы акчасын чыгарып кетүүнү талап кылып жатышат. Студенттердин акциясы башка өлкөлөрдөгү университеттерге да жайылууда.

Студенттердин акциясынын артынан Манхэттен сыяктуу аймактардын көчөлөрүндө Газаны колдогон демонстрациялар коштолууда. Акция америкалыктардын көбү “израил”дин Газадагы кыргындарын айыптап, бийликтин жөөттөрдү куралдандыруусуна каршы билдирүүлөрдү жасашууда.

Газада 200 күндөн бери уланып жаткан жөөт кыргынынан 34 миңдей мусулман курман болду. Буга кошумча Газадагы эки оорукананын короосунан 400гө жакын адамдын тобу менен көмүлгөн жай табылды. Алардын 20сы тирүүлөй көмүлгөнү лабораторияда текшерилүүдө. А бирок, жөөт вужудунун геноциддик кылмыштарына карабай, АКШ бийлиги “израил” өкмөтүнө 94 млрд долларлык тышкы жардам мыйзамына кошумча түрдө 17 млрд доллар бөлүү долбоорун колдоду.

Америка баштаган Батыш дүйнөсү жөөт вужудунун мындай адамзатка каршы кылмыштарын колдоо менен эки жүздүү саясатын ачык көрсөтүүдө. Натыйжада, Батыш коомунда топ-топ болуп Исламды кабыл алган адамдарды, жүз миңдеген калктын тоскоолдуктарга карабай майдандарда Палестинаны колдоп акцияларды өткөрүүдө. Газа калкынын тарыхта болбогон зулумдуктар каршы көркөм сабыры мусулмандарды эле эмес, мусулман эместерди да таасирлентүүдө. Батышка болгон суктануу жана тамшанууларды жер менен жексен кылды. Демек, мындан ары Батышта да, мусулман өлкөлөрүндө да коомдун абалы мурункудай сакталышы мүмкүн эмес. Өзгөрүү качып кутулгус болуп калды.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here