2013-жылдын июль айында ишке ашырылган аскерий төӊкөрүштөн бүгүнкү күнгө чейин адамдардын укуктары түрдүү көрүнүштө тебеленип жаткан бир убакта хунта өкмөтүнө тиешелүү дагы бир жашыруун камаккана ашкере кылынды. Кыйноо борбору катары колдонулуучу “Азули” камагында учурда 400 адам бар экендиги айтылып жаткан болсо да, бирок, ал жердеги туткундардын анык саны белгилүү эмес. Анткени, аларга жакындары менен жолугушууга таптакыр уруксат берилбейт. Ошол эле убакта мындай камактагы туткундарга байланыштуу маалыматтар Мисирдин расмий мекемелеринде да ачыкталбайт.
Англиянын Гардиан гезити таркаткан кабарга ылайык, аскерий төӊкөрүштөн бүгүнкү күнгө чейин жүздөгөн адамдар “Азули” камагында кыйноолор астында дүйнөдөн кайткан. Эл аралык аминистия уюму тарабынан ашкере кылынган жана ар күнү жүздөгөн мусулмандар оор кыйноолорго салынуучу бул камак “Хунтанын Гуантамосу” деп сыпатталууда. Эл аралык аминистия уюмунун баа беришинче, кыйноо борбору катары колдонулган бул камакка окшогон камаккана Мисирдин жаңы тарыхында болбогон.
Колго тийген далилдерге ылайык, хунта өкмөтүнө каршы болгон жарандар аскерийлерге тиешелүү жашыруун камакта бир нече айларга кармап турулган жана өздөрүнө коюлган айыптарга макул болушу үчүн күн сайын оор кыйноолорго салынган.
О.э. кабарларда айтылышынча, аскерий төӊкөрүшкө каршы болгон мисирдик аялдардын абалы да өтө аянычтуу. Укук коргоочулардын айтымында, 2013-жылдын 3-июлунан 2014-жылдын 1-июнуна чейин камакка алынган аялдардын саны 1585ке жеткен. Камакта сакталып жаткан аялдарга карата зордуктоо абалдары кеӊири жайылган. Айрыкча, студент кыздарга карата белгиленген жазалар өтө оор болуп, айрымдары өлтүрүлгөн. Укук коргоочулардын айтымында, камактарда бул кылмыштар өкмөттүн өкүлдөрү жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери о.э. камаккана көзөмөлдөөчүлөрү тарабынан ишке ашырылат.