ТАЖИКСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ БИЗ ЭЧ КАНДАЙ МИТИНГДЕРГЕ ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ!

259
0

Тажикстан  ички  иштери министри  Рамазон Рахимзоданын билдиришинче, “24 тобу” жетекчилери чет өлкөлүк финансылык колдоонун натыйжасында Тажикстан жарандарын  10-октябрь күнү Душанбенин борборуна нааразылык акциясына чыгууга чакырышууда. Бирок, тажик калкы мындай азгырууларга таптакыр алданышпайт.

7-октябр күнү ички иштер министри Рамазон Рахимзода “ИТАР-ТАСС”ка интервью берип: “Мыйзамсыз акцияларга чакыруучу адамдар кылмышкерлер жана алардын ар бири эл аралык издөөдөгү адамдар болуп эсептелишет. Алардын артында бир нече кылмыштар жашырынган жана алардын өзү коомдо бирер колдоочуларга ээ эмес, эч кандай адамдар аларды колдоп-кубаттабайт. Бүгүнкү күндө “24 -тобу” жетекчилери чет өлкөдө жашашат жана өз мекени болгон Тажикстандан качып кетишкен. Алардын максаты өтө жийиркеничтүү болуп, кырдаалдын барган сайын курчуп кетишин каалап жатышат жана адамдар арасында душмандык уругун эгип, коомчулукту  бөлүктөргө ажыратып жиберишмекчи. Ошону менен алар чет өлкөдөн алган каражаттарын актамакчы болушууда”, – деди.

Буга кошумчалап Рамазон Рахимзода “ИТАР–ТАСС”ка: “Тажикстандын укук коргоо органдары албетте кырдаалды көзөмөлдөйт жана адамдар арасында профилактикалык чараларды жолго коёт. Орган кызматкерлери кадимкидей эле тартипте иштейт. Эгерде кырдаал талап кылса жана тартип бузуу, мыйзам бузуу абалдары пайда болсо, албетте, көзөмөл күчөтүлүп, катуураак чара көрүшүбүз мүмкүн. Тажик калкы 90-жылдарда  жарандык согушту башынан өткөргөн жана мындай аянычтуу тарыхтын дагы кайрадан кайталанышын таптакыр каалабайт. Элибиз азгырууларга карата сак болот деп ишенемин”, – деди.

Акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда нааразылык ациясына болгон чакырыктар күчөдү. Ишенимдүү булактардан алынган кабарларга ылайык, 4-октябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы “Дости” майданында демонстранттарды таркатууга байланыштуу машыгуулар өткөрүлгөн.

Кабарларда айтылышынча, “24 -тобу” учурдагы өкмөткө бир нече шарттар менен кайрылган. Бул шарттарга ылайык, 10-октябрга чейин өкмөт отставка  кетиши керек, шарт аткарылбаса массалык демонстрациялар уюштурулат. Мындан тышкары кабар берилишинче, 70 миңден ашуун калк жана армия нааразылык акциясы үчүн даяр турат. Эегерде шарттар аткарылбаса, бийликти согуш-жаӊжалсыз эле ээлеп алышат.

Комментарий: Бир нече күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда, айрыкча “Фейсбук” жана “Одноклассники” баракчаларында “24-тобу”нун чакырыктары күчөдү. Бул топтун жетекчилеринин бири Шарофиддин Гадоев  жана анын тарапкерлери тынымсыз үгүт жүргүзүшүүдө. Бул ишке ал тургай Россиядагы карапайым калктан турган мигранттарды да аралаштырышты.

90-жылдарда дал ушул сценарий боюнча жарандык согуш башталган жана бул күрөштө негизинен Америка өзүнүн малайларын ишке салган эле. Айрыкча, Тажикстандын интеллигент катмарынан пайдаланып жаштардын арасында үгүттөө иштерин жолго койгон, натыйжада эки майданда мусулмандар бири-бирине ок атышкан. Боордоштор аралык согуштун натыйжасында миңдеген адамдар курман болуп, он миӊдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушкан. Бул “оюнду” башкарып туруучулардын бири, тажик оппозициясынын өкүлү акын Базар Сабир Америкага качып кеткен. Ага Америка башбаанек берген. Базар Сабирди ээрчигендерди болсо Россия өзүнүн куурчагы Эмомали Рахмонду бийликке алып келгенден кийин камакка алды. Башкалары т.а. карапайым калктан турган тарапкерлери болсо Афганистан, Пакистан жана Иранга качып кетишти. Базар Сабир  20 жылдан ашык өмүрүн Америкада бейпилдикте өткөрдү. Быйылкы жылы ал дагы кайрадан мекенинде пайда болду жана аны президент Эмомали Рахмон курсантчылык менен күтүп алып, азаттыктык, эгемендүүлүктүн себепкерлеринен деп 4 бөлмөлүү үй жана бир нече белектер менен сыйлады. Ошол кездерде да  Базар Сабир башчылыгында таза демократиялык өкмөт түзүү шарты талап кылынган болчу, азыр да ошол иш кайталанууда. Мына бүгүн да бир айлакер жетекчи өзү чет өлкөдө туруп карапайым калкты өкмөткө каршы чыгууга чакырып, курман кылууда.

Тажикстан ички иштер министринин айткандары туура эмес, анткени, андай абал Кыргызстанда күзөтүлгөн. Мейли, 90-жылдарда өзбектер менен кыргыздар арасында боордоштор аралык согуш болуп өткөн болсо да, 2010-жылы калк дагы кайрадан айла-амалдарга алданып фитна баткагына батып калды жана натыйжада эки тараптан көптөгөн курмандыктар берилди. Негизги айыптуулар болсо эч кандай зыян тартышпады. Учурда да “24- тобу”нун жетекчилеринин бири, белгилүү ишкер Шарофиддин Гадоев чет өлкөдө туруп Тажикстандагы калкты башкармакчы болууда. Экинчисинин жүргөн жери таптакыр белгисиз, аты Умарали ажы Кувватов. Аларды ээрчигендерге суроо бергенибизде “анын кайда экендигинин кандай айырмасы бар, негизгиси Эмомалиге каршы күрөшсө болду да” деп жооп беришти. Алар жетекчилерин жашырмакчы болушту же чындыгында эле алар да анын жүргөн жерин билишпейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here