ДАВУТОГЛУ: БИР ГАНА УЮМДУ ЭМЕС, БАРДЫК КОРКУНУЧТАРДЫ ЖОЮУ КЕРЕК

267
0

Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу Түркиянын АКШ планына ылайык аракеттениши жөнүндө CNN телеканалына интервью берди. АКШ Асад режимин эмес, жалаӊ ИШИМди гана бутага алып жатканы жөнүндө берилген суроого Давутоглу: “АКШнын Сирияга кылган чабуулдары зарыл болгон иш, а бирок, бул жетиштүү эмес. ИШИМдин алдына тоскоолдук коюу үчүн абадан болгон чабуулдар да керек, а бирок, биригип бир стратегия менен иш жүргүзбөсөк эмне болушун билесизби? ИШИМди жеӊгенибизден кийин башка бир топ анын ордун ээлеши мүмкүн”, – деп жооп берди.

Ахмад Давутоглу Сирияда радикалдык (демократиялык башкарууну кабыл албай турган) топтор күчөгөнү туурасында жана мутадил (демократиялык башкарууну жактоочу) оппозицияга жардам берүү керектиги жөнүндө Батышты бир нече жолу эскерткендигин айтып өттү.

Ал: “Европалык жана АКШлык шеиктерибиз менен Сирияда радикализмдин өнүгүп бара жатканы жөнүндө бир нече жолу сүйлөштүк жана аларды мунун коркунучунан эскерттик. АКШны эле эмес, бардык мамлекеттерди эскерттик. Бороон жакындап келе жатканын жана эмненидир кылуу керектигин айттык”, – деди.

Сирия оппозициясына тиешелүү суроого Давутоглу: “Союздаштарыбыз жана БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү биздин кеӊештерибизди эсепке алып, мутадил (демократиялык башкарууну жактай турган) оппозицияны колдоп-кубаттаганда, бүгүн мындай кризиске дуушар болбойт элек. Өкүнүчтүүсү, Сириянын достору мутадил оппозицияны колдоп-кубаттабады. Биз мутадил оппозиция жана улуттук коалицияга жардам бергенибизди жашырбайбыз”, – деп жооп берди.

Давутоглу сөзүн улантып, түзүлгөн коалициянын милдети бир гана уюмду жок кылуу эмес, тескерисинче андан тышкары келечектеги бардык “террор” коркунучтарын жоюуга каратылышы керектигин баса белгиледи.

О.э. Давутоглу Түркия армиясы кургактыктан операцияны башташы мүмкүн экендигин билдирип, ал үчүн түзүлгөн пландар Асад режимин кулатууну да өз ичине алышы керектигине басым жасады.

Түркия премьер-министри: “Мисалы, ИШИМди жеӊдик дейли – бул кыйын иш, а бирок, ишке ашырабыз – эртеси күнү Асад режими Халабга же абадан болгон чабуулдарды уюштурат жана өтө чоӊ адамдык жоготуу жүз берет. Ошондуктан, учууга тыюу салынган зона жаратууну талап кылабыз. Бул биздин убактылуу талабыбыз. Чегарабызда коопсуз бир аймак түзүүнү каалайбыз. Эгерде ошондой кылбасак, бул жүк Түркиянын жана башка кошуна мамлекетердин мойнуна түшөт”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here