Эй Эрдаган! Душманың ким, билип ал, Американын бул союзу Исламга каршы согуш жарыялады

345
0

Ушул жылдын 23-25-сентябрь күндөрү Америка жетекчилик кылып жаткан о.э. Түркия жана Саудия сыяктуу бир нече исламий өлкөлөр аны колдоп шерик болуп жаткан Батыш союзу Ирак жана Сирияга каршы аскерий операция баштап, Сириянын Дайризур жана Рикка региондорун бомбалады… аялдар жана балдарды кыргын кылды… Эл аралык Батыш күчтөрүнөн түзүлгөн жана ушул кыргынды жасоодон мурун Сирия жана Иран режимдерин кабардар кылган бул союз муну менен Сирия жана Ирак калкына ачык согуш жарыялады. Америка коргоо министри бул согуштун бир нече жылга созулушун жашырган жок.

БУУ Башкы Ассамблеясынын жыйынында катышуу үчүн Нью-Йоркто болгон президент Ражаб Таййиб Эрдаган Сирияга каршы ушул союз баштаган операцияларды колдоп-кубаттап мындай деди: «Региондо террорго каршы аткарылган бул операциялар биздин өз ара оң жагдайда жакындашуубузга карай ташталган кадам. Менин оюмда,  ушул жол картасына карай токтоосуз аракет кылуу керек, аны токтотуу – каталык, мен региондо алып барыла турган террорго каршы согуш өз ара кызматташтык алкагында болушуна ишенемин». Ал Түркиянын ушул аскерий операцияга катышуусу туурасында сөз сүйлөп: «Биздин салымыбыз аскерий жана саясий колдоп-кубаттоо түрүндө болот», деди.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты, республика президенти Эрдаганга ушул башталган өтө кооптуу иштен эскертип, мындай дейбиз: Эй Эрдаган! Сен 2011-жылы августта Сириядагы БААС режими сириялык калкка каршы кыргын кылганда мындай деген элең: «Биз Сирия темасын чет элдик маселе же чет элдик проблема деп карабайбыз, Сирия маселеси биздин ички маселебиз, себеби, биз менен Сириянын ортосунда 850 км. чегара бар о.э. ортобузда кошуначылык мамилелер, маданий жана тарыхий алакалар бар, ал жердеги абал бизге кайдыгерлик позициясын кармануубузга эч качан жол бербейт. Биз ал жердеги добуштарды угууга мажбурбуз жана ушуп жатабыз, табигый болгондой, керектүү чараны көрөбүз». Сен ушундай сөздөрдү айткан элең. Эми сага суроо: Бул сөздөрүңө үч жыл болду, ушул арада эмне кылдың?! Кылган ишиң – Американын Сириядагы саясатына ээрчүү гана болду! Азыр болсо БААС режимин актоо максатында Сирия жана Ирак калкына каршы согуш баштаган эл аралык колонизаторлук союзун колдогон позицияда турасың, негизи бул согуш терроризмге каршы күрөш шылтоосу менен чүмбөттөлгөн. Сириялык достор, боордоштор жана жакындар эми террористтерге айланып калдыбы?! Деги, Сирия маселеси сенин маселең эле го?! Мына, Америка жетекчилигиндеги союздаш топ сен өзүңдүн ички маселең деп эсептеген Сирия жерине согуш ачты. Чынында эле Сирия сенин ички маселең болсо, анда, Америка ал жерге бүгүн бомбаларды жаадырып жатат, сен андан бомбалоону улантууну талап кыласыңбы?!

Эй Эрдаган! Айрым бүдөмүк иштер бүгүн айдан ачык болуп калган, душман ким, дос ким ачык-айкын. Батыш, Америка, Россия, Иран, Кытай, бардык эл аралык күчтөр жана Маликий БААС режиминин тарабында туруп, Сирия жана Ирак калкына каршы согушууда. Силер өткөргөн Америка колдоосу астындагы «Сирия достору конференциясы» – албетте саткындардын конференциясы. Сен кафирлер жасап жаткан ыплас фитналарды ар дайым ачыкка чыгарган кишилердин насаатына эч качан кулак салбагансың, Сирия козголоңун уурдоо үчүн ыңгайлуу учурду күтүп турган уурулардын иш-аракеттерин ар дайым колдоп-кубаттап келесиң. Бүгүн терроризм шылтоосу астында Сирия жана Иракты бомбалап жаткан колонизатор союз Исламга жаңыдан согуш жарыялады. Душман ким, дос ким экенин белгилөөнүн убагы эбак эле келген, ким дос, Сирия жана Ирак калкыбы же АКШ жана анын союздаштарыбы?!

«Эй момундар, Аллах жана Расулуна кыянат кылбагыла жана силерге ишенип берилген нерселерге билип туруп кыянат кылбагыла!»                                                                [8:27]

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы басма сөз бөлүмү

Электрондук почта: bilgi@hizb-turkiye.org

Веб баракча: www.hizb-turkiye.org

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here