ШВЕЙЦАРИЯ ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

301
0

Орто Азия республикаларын бойлоп сапарын баштаган Швейцария Конфедерациясынын президенти, Тышкы иштер департаментинин башчысы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) азыркы төрагасы Дидье Буркхaльтер 21-ноябрь күнү Өзбекстанга барган эле. Ал эми 22-ноябрь күнү Дидье Буркхальтер Кыргызстанга келди.

Жумушчу сапар менен Кыргызстанга келген Дидье Буркхальтерди Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында кабыл алды.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. О.э. аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашылды. Эки тараптуу жолугушуу аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев жана Дидье Буркхальтер маалымат каражаттары үчүн билдирүү беришти.

Алмазбек Атамбаев бул эки мамлекет ортосунда дипломатиялык алакалар орнотулгандан бери Швейцария президентинин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары экендигин баса белгиледи. Атамбаев: “Талкуулашкан бардык маселелер боюнча пикирлерибиз дал келди. Ошону менен бирге тартышууларга себеп болгон маселе боюнча т.а. коомдун коопсуздугуна тиешелүү долбоор боюнча да келишип алдык. Биз долбоорду 2015-жылдын аягына чейин узартууга токтом кылдык”, – деди.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер да Швейцария түрдүү багыттардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстанга жардам берүүнү уланта тургандыгын, ошону менен бир катарда Кыргызстанда 2015-жылы өткөрүлө турган парламенттик жана 2017-жылы болуп өтө турган президенттик шайлоолорго жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.   Ал: “Кыргызстан ЕККУнун ар тараптуу колдоосуна татыктуу. Кыргызстанга байланыштуу пландарыбыз жана үмүттөрүбүз бир топ”,  – деди.

О.э. 2015-жылдын март айында Алмазбек Атамбаевдин Швейцарияга боло турган сапары туурасында келишип алышкандыгын да билдиришти.

 Туркистон:

Кыргызстандагы кырдаал Украинанын алгачкы абалын эске түшүрө баштады. Кыргызстанда да Батыш менен Россия ортосунда сакофий таасир кубаттарын бекемдөө үчүн болгон күрөш күчөп барууда. Бул өтө кооптуу күрөш болуп, ал жарандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жибериши күтүлөт. Эӊ кооптуу тарабы, бул күрөш Кыргызстан үчүн жамандыктардан башка эч нерсе алып келбейт. Жарандык согуш болсо, ошол куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары үстүндө гана болот. Украина окуялары буга далил боло алат. 

Бирок, Кыргызстандагы бүгүнкү абал сакофий колония таасирин экинчи даражага сүрүп жиберет. Бул жерде биринчи жана экинчи жолку революция абалдарына караганыбызда, болгону финансылык аралашуунун өзү гана жетиштүү болушу мүмкүн. Биринчиден, эл менен мамлекеттин ортосун байланыштырып туруучу идеологиялык байламта жок. Экинчиден адилеттүү башкаруунун жоктугу себептүү мамлекеттин өз жарандары менен ортосунда жок эле дегенде бири-бирин жакшы көрүү жана жакындык да жок. Бул абал эл менен мамлекеттин ортсунда ар кандай келишпестиктерди уюштуруу үчүн өтө ыӊгайлуу абал болуп эсептелет.

Кыргызстан бийлиги болсо, жарандарынын дээрлик 90%ы мусулмандар экендигине карабастан, жарандарынын болгону 10% ы гана мусулмандардан турган Россиянын этегин кармап, анын Ислам жана мусулмандарга каршы  кылып жаткан аракеттери ыкмасын өзү үчүн аракет кылуу программасы кылып алуунун астында турат. Атамбаевдин “биз алгач кыргызбыз, андан кийин мусулманбыз” деген маанидеги сөздөрү, карасанатай күчтөр үчүн өтө жагымдуу болот. Анткени, бул пикир улуттук идеологияны көтөрүп чыгуу үчүн айтылганына карабастан, жарандардын дээрлик жарымын түзүүчү башка улуттардын өкүлдөрү ортосундагы карама-каршылыкты ого бетер күчөтөт. Президент өз кубатынын жарымын жоготот. Жарандардын жок эле дегенде жарымы исламий баалуулуктарды коргойт. Алар ар кандай исламий дискриминацияны өздөрү үчүн кемсинтүү элементи деп билишет. Президент өз калкынын дагы бир бөлүгүн жоготот. Президент теӊирчилердин жайылып кетишинен үмүттөнгөн болушу мүмкүн. Себеби, улутчулук идеясы ошол кыймыл тарабынан көтөрүп чыгылууда. Кыргыз калкы Ислам ансарларынан болгон ата-бабалардын муундары болгондуктан, ширктин үстүнө курулган теӊирчилик кыймылын кабыл албады. Президент калган мусулмандарды да жоготуп алышы мүмкүн. Анын айланасында креслого же башка материалдык кызыкчылыкка жетүү үмүтүндөгү бир ууч кошоматчылар гана калды. Алар президентибизди аӊгекти көздөй түртүп бара жатышат.

Эми жогорудагы абал, ал тургай талаштуу болгон талдоолор да эмес, турмуш чындыгындагы акыйкат экендигин эсепке алсак. Батыш жана Россия тарабынан уланып бара жаткан күрөш Кыргызстанда улантылышы үчүн өзүбүз өтө ыӊгайлуу шарт түзүп берген болобуз. Али да кеч эмес, кырдаалды оӊдоп калууга убакыт бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here