ОБАМА ЖАШЫРУУН ТОКТОМ МЕНЕН АКШ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН АФГАНИСТАНДАГЫ ЫЙГАРЫМ-УКУГУН КЕӉЕЙТТИ

257
0

“New York Times” газетасынын АКШ коргоо министрлигиндеги жана конгресстеги булактарына таянган абалда кабар беришинче, АКШ президенти Барак Обама мурда жетишилген келишимдерге карабастан, жаңы жашыруун токтомго кол койду. Ошол жашыруун токтом америкалык аскерийлердин Афганистандагы аралашуусун бир топ кеӊейтет о.э. мамлекеттин аймагындагы аскерий операцияларда түздөн-түз катышууга уруксат берет.

Жашыруун токтом Америка аскерий бөлүктөрүнө АКШ куралдуу күчтөрүнө же Афганистан өкмөтүнө коркунуч туудуруучу “Талибан” кыймылына жана башка куралдуу топторго каршы аскерий операцияларды ишке ашырууга уруксат берет.

Газетанын белгилешинче, кабыл алынган жаңы токтом президент Барак Обама жазда Афганистандагы АКШнын аскерий катышуусун токтотууну жарыя кылганына караганда кеӊири көлөмдүү жаңы миссия болуп эсептелет.

О.э. жаңы токтом афган коопсуздук күчтөрүнүн ар түрдүү аскерий операцияларда АКШ авиациясынан, дрон жана бомбалоочу самолётторунан пайдаланышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Барак Обама 2014-жылдын май айында 2016-жылдын аягына чейин Афганистандан АКШнын бардык кошуундары чыгып кетиши керектигин жарыя кылган эле. Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Америка кошуундарынын саны 32 миӊден 9,8 миӊге чейин кыскарышын, кийинки жылдын аягына чейин болсо бул курам дагы эки эсеге кыскарышын жана кала турган (9,8 миӊ) аскер да “Ал-Каида бөлүктөрүнүн калдыктарын” түгөтүү жана жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн даярдоо үчүн калтырылышын билдирген эле.

“New York Times” газетасынын кабар беришинче, АКШ аскерийлеринин ыйгарым-укуктарын кеңейтүүчү жогорудагы токтом “президенттик админстрациянын ичинде түшүнбөстүктөргө алып барган эки каалоо: Обаманын Ирактагы согушту бүтүрүү о.э. АКШ куралдуу күчтөрүнө жүктөлгөн милдетти Пентагондун ийгиликтүү аяктоосуна мүмкүнчүлүк берүү даабасы боюнча узак жана кызуу  талкуулар натыйжасында” кабыл алынды.

Макалада айтылышынча, “коопсуздук маселелери боюнча жогорку даражалуу кеӊешчилердин катышуусунда Ак үйдө болуп өткөн кеӊеште Обама кабыл алган токтомго анын айрым жардамчылары каршылык билдиришти. Алардын айтымында, эмдиги жылы Афганистанда кала турган аскерийлерди “Талибан” кыймылы менен кагышууларга тартуу аркылуу кооп-коркунучка калтыруу керек эмес жана алардын операцияларга катышуусу чектелиши керек”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here