КРЫМДА 19 МИӉ АДАМ ҮЙ-ЖАЙЫН ТАШТАП КЕТҮҮГӨ МАЖБУР БОЛДУ

274
0

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Америка, Европа жана Орто Азия бөлүмүнүн жетекчиси Жанни Магаззени  Крымда 19 миң адам мекенин таштап кетүүгө мажбур болгондугун билдирди. Магаззени Украинадаги адам укуктарынын бузулушу жөнүндөгү жетинчи отчётун БУУнун Женевадагы офисинде сунуштады.

Магаззени: “Крымда өткөн референдумдан кийинки убакыттын ичинде, Украинада уланып жаткан согуштар себептүү 31-октябрга чейин 19 миң крымдык турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болду”, – деди.

Отчётто келишинче, үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгондордун 5328и жаш балдар. Магаззени Крымда маалымат, сөз, дин жана ишеним эркиндиктери муунтуп ташталгандыгын о.э. ар кандай жыйындарды өткөрүүгө бүтүндөй тыюу салып коюлгандыгын мисалдар менен ачыктап берди. Магаззенинин айтымында, Крымда жүз берип жаткан баскындар натыйжасында турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болуп жаткан жана дайынсыз жоголуп жаткан адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат.

О.э. отчётто Россиянын Крым республикасын өз саясаты жана укуктук түзүмүнө кошуп алуу үчүн интеграциялык иш-аракеттерин улантып жатканы о.э. айрыкча Крым татарлары бул баскычта коркунучтарга дуушар болуп жатканы айтылды. Крымдагы гуманитардык абалдын бүгүнкү күндө да проблемалуу экендигине көӊүлдү бурган отчётто Крым татарларынын 90 пайызы өздөрүнүн эне тилинде сүйлөшпөстүгү айтылды.

Магаззени сунуштаган отчётко ылайык, 10-сентябрдан бери Крымда камакка алынган адамдардын саны 2671 адамга жеткен. Алардын бир нечеси жаза мөөнөтү аяктагандан кийин Крымга кайтуу ниетинде экендиги билдирилди. Айрыкча, отчётто Крымда татар тилин үйрөтүүчү эки гана мектеп бар экендиги, ал да болсо жумасына 2 саат гана балдарга билим бере тургандыгы айтып өтүлдү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here