КЫРГЫЗСТАН ӨКМӨТҮН ИСЛАМ ЖАНА МУСУЛМАНДАРДАН АТАЙЫЛАП КОРКУТУУ КАМПАНИЯСЫ ЖҮРҮҮДӨ

304
0

Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Кыргызстандын саясий чөйрөсү “Ислам мамлекети” сыяктуу Исламий уюмдардан коркууга түшө баштады. Бул коркунуч таркатуу кампаниясы Кыргызстандан тышкары эл аралык саясатка тиешелүү болуп, ичкериде да кээ бир саясий жетекчилер тарабынан көтөрүлүп келе жатат.

Сириядагы ынкылаптык аракеттерге каршы АКШ тарабынан жүргүзүлүп жаткан коркунуч таркатуу кампаниясы, атайын Ислам жана мусулмандарга каршы мусулмандар өлкөлөрүн терс аракеттерди алып барууга тартуу максатын көздөй багытталып жатканынан Кыргызстан  режими кыскача болсо да кабардар болушу керек. АКШ ачык эле Түркияны  согушка тартып  жатканы, түрк өкмөтү өз кезегинде  согушка мажбурланып жаткандыгы жана алар муну четке кагып келе жаткандыгы туурасында бир нече билдирүүлөрдү беришти. О.э. АКШ калган Исламий өлкөлөрдү да өзү менен жанма-жан туруп, Исламий кыймылдардын бардыгына каршы катуу мамиледе болууга чакыра баштады.

Түпкүлүгүндө болсо, Кыргызстанда бийликке Ислам жана мусулмандар тарабынан эч кандай коркунуч жок жана буга чейин да болгон эмес! Бул жасалма уюштурулган коркунучтар өз кызыкчылыктары жолунда маал-маалы менен кээ бир күчтөр тарабынан көтөрүлүп келген. Ошол күчтөр бийликти экстремисттик аракеттер менен тартып алып жатышканда мамлекет бир нече айларга саясий боштук абалында калып кеткен эле. Кырдаалдан пайдаланып, өлкөнү басып алуу үчүн бирер Исламий кыймыл тарабынан, ал тургай, үгүттөө иштери болгондугу жөнүндө бир да далил жок.

Өз бийликтерин сактап калууга умтулган, мусулмандар тарабынан күтүлүп жаткан коркунучтарды айтып дүйнөгө жар салган, режимдерин сактап калууга аракеттенип ондогон мусулмандарды камакка алып, кээ бирлерин өлтүрүп жиберген Акаев жана Бакиев режимдери кулады. Бирок, алар көтөрүп чыккан мусулмандар туурасындагы коркутуулардын бири да тастыкталбады. Бүгүнкү күндө да уланып жаткан, өздөрүнүн ийгиликсиздигин мусулмандар менен жабуу үмүтүндөгү аракеттер – кудум Акаевди да, Бакиевди да сактап кала албагандай эле – Путинди да, Атамбаевди да сактап кала албайт.

Ушундан келип чыгып айтуу мүмкүн болгондой, Атамбаев мусулмандарга каршы аракет баштамакчы болуп жатканда алардан коркконунан, же Каримов сыяктуу жеке карасанатайлыгынан келип чыгып аракеттенбейт. Тескерисинче, Кыргызстан мамлекетинин өтө алсырап бара жаткандыгынан, Россия сыяктуу чоӊ мамлекеттерге өтө катуу көз каранды болуп калгандыгынан улам  аларды ыраазы кылуу максатында иш алып барат. Атамбаев мусулмандардын агрессивдүүлүгү, аларды провокация кылуу менен күчөй тургандыгын жакшы билет. Бирок, ал да Акаев жана Бакиев сыяктуу мусулмандарды чоң куфр мамлекеттери менен биригип алып кордоого аракет кылып көрүү жөнүндө пикирлей баштады. Анын айланасындагылардан кимдир бирөөлөр ага кеңешчи болуп алып “режимди күчөтүүнүн бирден-бир жолу ушул” деп Каримовдун тарыйкатын сунуштап жатышат. Алар мусулмандарды  тим турган абалынан козгоп, алардын аялдарын камакка алып, кыздарынын жоолугун чечип, хижабга каршы күрөшүү менен өздөрүнө каршы багытташмакчы. Эгерде булар Каримовдун жолу менен жүрүшсө, 16-февраль окуясы сыяктуу жардыруу сценарийин да ишке ашырышат.

Жогорудагылардан келип чыгып, кыргыз өкмөтү “Дин тармагындагы 2014-2020-жылдарга болжолдонгон мамлекеттик саясат” концепциясын иштеп чыкты жана мамлекеттин динге жана динчилдерге болгон мамилесин белгилеп берүүчү жумушчу топту түзүп, Коопсуздук кеңешинин 2014-жыл, 3-октябрдагы жыйынында комиссия түздү. Алар бүгүнкү күндө Кыргызстан бойлоп иш жүргүзүп жатышат.

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрирдин атынан президент Атамбаевге төмөнкүнү эскертип өтөбүз!

Сиз башкарып жаткан Кыргызстан калкы сиз үчүн аманат. Куфр дүйнөсү ушул региондо башаламандыктарды пайда кылмакчы болууда. Себеби, Кыргызстан алар үчүн стратегиялык мааниге ээ регион болуп калды. Сиз мындан кабарсыз болбосоӊуз керек?

Алар сиздин катага кетирүү аркылуу өз жарандарыӊызга зулум кылып, мусулмандарды алар ойлоп тапкан ар түрдүү атамалар негизинде тайпаларга бөлүп беришиӊизди күтүп жатышат. Бул колонизатор күчтөр Афганистан, Вьетнам, Ирак, Сирия… жана башка мамлекеттерди кудум ушундай көрүнүштө согуштук абалга алып барышкан. Бул ката сиз үчүн да, Кыргызстан калкы үчүн да өтө чоӊ балээлерди алып келиши мүмкүн.

Сиздин айланаӊыздагы кеңешчилериӊиз да, тышкарыдагылары да Кыргызстан калкынын кызыкчылыгы жөнүндө кыпындай да кайгырышпайт. Алар биз сыяктуу калктын ичинде болбогондуктан, ал тургай, кырдаалга туура баа бере алышпайт. Биз сизди жок эле дегенде мусулмандарды коргоо жөнүндө пикирлөөгө чакырабыз. Себеби, Кыргызстан бүгүнкү күндө Ислам мамлекетин тикелөө үчүн жарактуу мамлекет эмес. Демек, мусулмандарга зулум күчөп, ага каршы күрөшүү важиб болуп кала турган шарттар жаратылып коюлбаса, же куфр системасы тарабынан атайылап уюштурулбаса эле мусулмандардан кооп-коркунуч болбойт.

Сизди куфр кызыкчылыктарына кызмат кылуудан этият болууга, тескерисинче Аллах жана Анын Расулу тарабында Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына кызмат кылууга чакырып калабыз.

Тамим ибн Авс Дарийден риваят кылынган хадисте мындай деп келет: “Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам: Дин бул насаат, – деди. Биз: Ким үчүн? – деп сурадык. Расулуллах САВ: Аллах үчүн, Анын китеби үчүн, Расулу үчүн о.э. мусулмандардын жетекчилери жана оммасы үчүн!– деп жооп берди”.

 

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы.

21.11.2014.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here