Россиядагы саясий туткундардын ар бешөөсүнүн бири Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү

290
0

2014-жылы 30-октябрда «Мемориал» адам укуктарын коргоо уюму Россиядагы саясий туткундардын тизмесин басып чыкты. Анда 46 туткундун аты-жөнү келтирилсе, алардын тогузу Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү.

Алардын бирөөсү эле укук коргоочулардын Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн саясий туткундар деп билишине негиз боло алат.

Галиуллин Ринат Файзуллович, 1978-жылы туулган. Тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир исламий партиясынын мүчөсү. Ал тургай тергөөдө да анын бирер күч иштетүү амалиятында катышкандыгы далилденбеген. Бирок, ошого карабастан, Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 205.1-беренесинин 1-бөлүмү «Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты аткарууга ыктоо жана ага башкаларды тартуу», 30-беренеси 1-бөлүм, 278-берене «Конституциялык түзүлүштү кулатууга, муну менен бирге, бийликти күч менен басып алууга каратылган амалияттарга даярдык көрүү», 282-берене 1-бөлүм «экстремисттик уюм түзүү» беренелерине ылайык ал айыптуу деп табылып, 6 жыл 6 айга катуу тартиптеги камак жазасына, бир жыл эркиндикти чектөөгө жана 150 миң рубл өлчөмүндө айып пул төлөөгө өкүм кылынды.

Ринат саясий туткун эсептелгенине карабастан, күч иштетүү амалиятын жасоо боюнча соттолду, негизи бул таптакыр жок нерсе эле. Мындай соттоо болсо, анын сот адилеттигине жетишүү укугун тебелеп-тепсөө болуп эсептелет. Мунун үстүнө, аны камакта сактап туруу мөөнөтү ушул доо иши менен дал келбеген. О.э. «Мемориал» адам укуктары борбору бул тизмедеги туткундар саясий туткундардын баары да, акыркысы да эместигин белгилейт. Бул дегени, укук коргоочулар камакка алынган жигиттердин болгону кылмыш иштери карап чыгылгандарын гана билишет, калган камактагыларды билишпейт.

Биз өз кезегинде, Хизб мүчөлөрү үстүнөн ачылган бардык кылмыш иштерине тиешелүү акыйкаттарга көңүлүңүздөрдү бурабыз. Себеби, бул соттордун баары саясий репрессия алкагында алып барылууда жана аларда негиз да, кылмыштын далили да жок. Ошондон келип чыгып, төмөндөгүлөрдү баян кылабыз:

  • Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алуу бирер кылмыш түрүнө да, кылмыш куралдарына да, кылмыш ордуна да жана эч бир кылмыш курмандыгына да байланган эмес.
  • Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн соттоого бир токтомду гана негиз кылышат. Ал 2003-жылы Жогорку сот тарабынан чыгарылган Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюмдар тизмесине кошуу токтому.
  • Россия Федерал коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир аракетинде зомбулук жок экенин жакшы билет. Чын-чынында ал Хизбдин саясий аракетинен коркот.
  • Россия исламий өлкө болбогону себептүү, ал жерде Хизб-ут-Тахрир аракети жалаң таалимге чектелген, анын саясий аракети мусулмандар кызыкчылыгын жана исламий баалулуктарды коргоого каратылган, Россиядагы бийлик талаш Хизбди таптакыр кызыктырбайт.
  • Ушулардын баары себептүү, жогорудагы беренелердин бирөөсүнүн негизинде Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн соттоого бирер мыйзамдуу негиз да, актоо да жок.

Эми, 2003-жылы Жогорку сот тарабынан чыгарылган Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюмдар тизмесине кошуу токтому жөнүндө сөз жүргүзө турган болсок, ал да Хизб мүчөлөрүн кылмышкерликте соттоого жарабайт. О.э. ошол убакта Жогорку сот муну жабык эшиктер артында талкууланган жана анда Россия Федерал коопсуздук кызматы менен башкы прокуратура гана катышкан, Хизб мүчөлөрү да, алардын адвокаттары да катышышпаган. Ушул токтомду батыл деп эсептөө жана эч качан мыйзамдуу деп этибар кылбоо үчүн мына ошонун өзү жетиштүү. Мындан тышкары, бул токтом коомчулуктан жашыруун таризде кабыл алынган, маалымат каражаттарында таратылбаган, болгону аппеляция талап кылуу мүмкүн болгон убакыт аяктагандан кийин гана таратылган. Хизб мүчөлөрүнүн бардык талаптары да, адам укуктарын коргоо уюмдарынын юристтеринин сот токтомунун көчүрмөсү берилишине жана аппеляция талап кылуу мүмкүн болгон убакыт кайра берилишине болгон тараптары да, бардык-бардыгы таптакыр кандырылбады. Ошентип, Россия өз мыйзамдарын өзү бузушунун акыбетинде, бүткүл дүйнөлүк саясий Хизбди “террористтик хизб” деп эсептөөчү бирден-бир мамлекетке айланды.

Россия кылмыш кодексинде терроризм сөзүнө мындай түшүндүрмө берилген: «Терроризм – жардыруу же атайылап (имараттарды же башка жерлерди) өрттөө, же адамдар өмүрүнө коркунуч туудура турган амалияттар жасоо, же болбосо мал-мүлктөргө сезилээрлик даражада зыян жетишине себеп боло турган амалияттар жасоо, же коомдук жактан башка кооптуу акыбеттерге себеп боло турган иштерди жасоо, буларды коомчулук коопсуздугуна коркунуч туудуруу же калкты коркутуу же өкмөт токтомдоруна таасир кылуу максатында жасоо».

Башкача айтканда, терроризм – бирер саясий максат жолунда зомбулук кылуу же зомбулук менен коркутуу. Ушуларга ылайык, Хизб-ут-Тахрирди т.а. исламий саясий Хизбди террористтик уюмдар тизмесине киргизүүгө эч кандай себеп да, актоо да жок. Арийне, Хизб мүчөлөрүн соттоо үчүн эч кандай мыйзамдуу шылтоо да жок. Демек, бүгүн Хизб-ут-Тахрирдин Россия камакканаларында жаткан жана ушул мыйзам беренелери боюнча айып коюлган элүүдөн ашык мүчөлөрү – бардыгы тең саясий туткундар о.э. алардын баары жалаң исламий этикаттары себептүү гана куугунтукталып, репрессияга учурашууда.

 Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here