КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН ТҮЗҮШТҮ

387
0

Кыргызстан жана Россия өкмөттөрү 24-ноябрь күнү өнүктүрүү фондун түзүү туурасындагы келишимге кол коюшту. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев катышкан иш-чарада келишимге Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирлан Байгочоков менен Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Сергей Сторчак кол коюшту.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерге катышуу шарттарына ыкташууда кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун маанисин баса белгиледи. О.э. Фонддун каражаттары Кыргызстанга дагы, Россияга дагы пайда келтирген түрдүү тармактардагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга пайдаланылууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт. Андан алгачкы 100 миллион доллар үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин фондго келип түшүп, калган 400 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин өткөрүлөт. Мындан тышкары, Россия 500 млн. АКШ доллар суммасына абдан жеңилдетилген займды Фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз мойнуна алган.

Кыргызстан жана Россия ортосунда өнүктүрүү фондун түзүүгө үстүбүздөгү жылдын май айында келишип алынган болчу. Фонд эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка, Кыргызстан экономикасын модернизация кылууга жана республиканын Евразиялык экономикалык интеграциясына ыӊгайлашууга көмөктөшүүнү максат кылган.

 Туркистон:

Кытай менен Россиянын алакасы начарлап бара жатканы туурасындагы билдирүүлөр тастыктала баштады. ШКУ уюмунун акыркы кездердеги жолугушууларынын негизги талкуу темалары ушул фонд туурасында болгон эле. Кытай ШКУ үчүн өзүнчө валюта фондун түзүү керектигин жана өзү алгач он миллиард каражат салышы мүмкүн экендигин сунуштаган эле. Россия муну четке кагып келе жаткан. Ал Кытай менен финансылык жактан атаандаша албастыгын билип, бул ишке таптакыр каршы туруп келген эле. “Чоӊ жыйырмалык”тын Авсрталиядагы саммитинде Кытай менен АКШ ортосундагы бир нече келишпестиктер чечилип, Кытайдын Орто Азияга болгон мамилеси өзгөрдү. О.э. Россияга болгон мурунку СССРден мураска калган урматтоо көрүнүшүндө калыптанган мамилелерине да жарака кеткендей болду. Кытай Тажикстанга бир жарым миллиард акча сунуштады. Россия эми жогорудагы шашылыш түзүлүп жаткан фондго ШКУдан тышкарыда болсо да кол коюп койду. Албетте, бул фонддун тездеп кетишинде Кыргызстанга Соростун келишинин жана Швейцария президентинин сапарынын да таасири бар. Бирок, бул фонддон Кыргызстан үчүн дээрлик эч кандай пайда жок. Бул нерсе, болгону бир расмий иш-чарадан башка нерсе эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here