КУРМАН АЙТ КУТТУКТООСУ

256
0

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах,

Валлаху акбар, Аллаху акбар, жана лиллахил хамд…

Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Аллахтын Расулуна, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго о.э. ал затты ээрчип, жолунан жүргөн, Ислам акыйдасын өзүнүн фикратына негиз кылып алган, шаръий өкүмдөрдү болсо амалдарына өлчөө жана өкүмдөрүнө булак кылган заттарга салату саламдар болсун, амма баъд:

Ассаламу алайкум, мусулман ага-инилер, муслима эже-карындаштар, Turkiston сайтынын азиз коноктору!

Бардыгыбыз зарыгып күтүп жаткан Курман Айт майрамы да жетип келди. Turkiston сайтынын кызматкерлери бүтүндөй Исламий үммөттү жана сиздер азиз конокторду ушул улуу жана чыныгы Илахий майрам менен куттуктайт.

Биз сиздерди Курман Айт менен куттуктап, сиздердин бардык шаръий тилектериӊерге тилектешпиз. Үйүӊүздөрдөн кут-береке жана шаттык, денеӊизден саламаттык о.э. Ыйманий кубат, кажыбас кайрат кетпесин.

Аллах тааладан күнөөлөрүбүздү магфират кылышын, туткан орозолорубуз, кылган ажылык жана курмандык ибадаттарыбызды кабыл кылышын сурап калабыз.

Аллах Таала ушул Курман айт майрамын бүтүндөй Исламий үммөткө мубарак кылсын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here