КУРМАН АЙТЫ МУБАРЕК!!!

292
0

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Бардык мактоолор Аллахка гана таандык, Ал Затты мактайбыз, Андан жардам сурайбыз, Ага истигфар айтабыз, Аллахтан нафс-каалообуздун жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргошун тилейбиз. Аллах кимди хидаят кылса, аны адаштыруучу жок, кимди адаштырса, аны хидаят кылуучу жок. Күбөлүк беремин, бир Аллахтан өзгө илах жок, Ал жалгыз жана шериксиз. Дагы күбөлүк беремин, Мухаммад A Ал Заттын пендеси жана элчиси.

Расулуллах A айтат:

«إِنَّ اللهَ قَدْ أَبْدَلَكُمْ بِهِمَا خَيْرًا مِنْهُمَا يَوْمَ الْأَضْحَى وَيَوْمَ الْفِطْرِ»

«Албетте, Аллах силерге (жахилияттан калган) бул эки майрамдын ордуна аларга караганда жакшы Рамазан жана Курман айттарын берди» (Абу Давуд риваяты).

Азиз боордоштор, ага-инилер жана эже-карындаштар силерди келе жаткан (Ийдул Азха) Курман айты менен чын дилден куттуктайбыз.

Расулуллах A айтат:

«مَنْ أَصْبَحَ وَهِمَّتُهُ غَيْرُ اللَّهِ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ، وَمَنْ أَصْبَحَ لاَ يَهْتَمُّ بِأَمْرِ الْمُسْلِمِينَ فَلَيْسَ مِنْهُمْ»

«Ким Аллахтан башканын камын көрүп таң аттырса, ал Аллахтан эмес, ким мусулмандар ишине кам көрбөй таң аттырса, ал мусулмандардан эмес».

Азиз боордоштор, ага-инилер жана эже-карындаштар, ким ар дайым Аллахты эстеп жашап жаткан болсо, ар дайым мусулмандарга кам көрүп жашап жаткан болсо баарыңардан Аллах ыраазы болсун!

Ар кандай жакшы амалдардын ичинде эң жакшысы же эң улуусу болот.

Бир мусулман үчүн кам көрүп, ага жардам кылуу – жакшы, бирок, жүздөгөн мусулманга жардам кылуу андан да жакшы. Эми, өлкөбүздөгү мусулмандарга жардам кылуу андан да жакшы. Мүмкүн болушунча айланабыздагы мусулмандарга жардам берүү менен бирге жалпы мусулмандарга жардам берүү – мусулмандар үчүн кам көрүп жашоонун эң абзели жана эң улуусу.

Ал эми, ушундай кам көрүү менен жашоодогу амалдардын эң абзели – Исламий жашоону кайрадан баштоого т.а. Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырган даъватты алып баруу. Анткени, бир гана Халифалык мамлекети бүткүл мусулмандардын акыйдасын, динин, укугун сактайт. Алардын саясатын, экономикасын, таалим-тарбия жана башка бардык иштерин башкарат жана коргойт. Куфр баткагынан нурдуу жашоого алып чыгат. Ушул даъват аркылуу максатыбыз жүзөгө чыгышы менен миллиондогон мусулмандардын проблемалары чечилет, кайгысы бүтөт, негизгиси, Аллах ыраазы боло турган пакиза турмуш жана туура акыйда менен жашоо башталат.

Эй, ушул даъватты биринчи милдет катары көтөрүп чыккан боордошум, билип койгун, сен мусулмандар үчүн кам көрүп эң абзел жолду тандадың. Ушул жолдо талыкпастан, оор албастан, куфрдун зулумунан коркпой, бекем аракет кылып жатканың үчүн Аллах Субханаху ва Таала сени эң жакшы сыйлыктар менен сыйласын, амин. Жаннаттардын эң абзели – Жаннатул Фирдавс.

Аллах Таала айтат:

«Дал ошолор Фирдавс (жаннатына) мураскор болуучуваристер. Алар ошол жайда түбөлүк калышат»                                                                                                                [23:10-11]

Силерге Аллах Субханаху ва Тааладан дагы да бекем ыйман, динибизде факихтик, кайраттуулук, алдыңкылык, бул дүйнө жана Акырет иштериңерге жакшылык тилеймин. Эч качан куфр айла-амалдарынан коркпогула. Ар дайым Аллах силерди Өз коргоосунда сактасын. Аллах силерден ыраазы болсун, амин.

Дагы бир жолу баарыңарга Курман айты мубарек болсун!

Хизб-ут-Тахрир                                                                                      9зул-хижжа, 1435-х.

Кыргызстан                                                                                               3октябрь,2014м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here